Китеп жалпы адабият сүйүүчүлөргө арналат. Токтогулов Айылчы. Мезгил сапары. Б.: «Айат», 2009. 288 б китебинен алынды
Момунтай эрмендүү дөбөгө көп эле чыга бербейт. Сезими удургуп, тынч ала албаганда бет алат да, дөбөгө чыкканда эки жагын карап, кере-кере дем алып, эс алып калчу.
Кийинчерээк Эрмендүү дөбөгө көп чыкчу болуп алды. Ал да болсо алдыдагы көп түйшүктү жалгыз ойлонуп, анан жалпы журттун ортосуна салчу болду.
Бардык иш анын кийлигишүүсүз өтпөйт. “А кызыталак, бакытты чакырсаң да келбейт го, кайгыны тепсесең да өлбөйт го!” Арадан кербен тарткан төөлөрдөй чубашып канча жыл өттү?! Тирчилик деп жүрүп арыйт экенбиз. Жашоо деп жүрүп карыйт экенбиз.
Момунтай отузга чыкпай коюп алган жээрде сакалын сылап койду.
Ал негедир Шариптин үйү тарапты карап, киийнчерээк каттабай калганына кейиди. Балжан укса эмне дейт? Богорстондон мурда өткөн Калдык негедир анын жүрөгүн мыкчыды. Ал Эрмендүү дөбөдөн түшүп келип, үйүнө кирип оң капшытына жантыгынан жата кетти да, керегенин көгүн тиктеп, өйдө жөрмөлөп бараткан жөргөмүштү көрө дагы ойго батып, оюна катылуу буюмдай болуп Балжан түштү.
“Өзүмдүн теңим Балжанга кошула албадым. Тешик тапкансып, үстөккө-босток сокку урду го, жармач дүйнө. Алла да малсызга жан тартпай. Малдууга жан тартат белем. Болбосо, “жаштыгыңа жеңдирбе, акылыңа жеңдир” деген ошобу? Балжан кеткени бир кабар алдыңбы? Жок! Ал Жумгалга кеткени, дайрага ыргытылган таштай дарексиз калды. Аттиң, болбосо атасы өлгөндө неге келбеди. Кабар кетти эле го? Же ал да Богорстон колдуу болду беле? Мына, жараткан куру койгон жок. Эки уул, бир кыздуу болдум. Жамал эстүү чыкты. Ал жагынан доомат коё албайм.
Ата көрү, ушу улгайып баратсам да жүрөктүн буйругу мээмден кетпейт. Неге зарлаганы бардай, “Балжан” дегенде ачышат? Мейли, ушунуңа да тобо.”
Ал эшикте ойноп жүргөн балдарынын үнүн уга канааттана ичинен шүгүрчүлүк келтирди. Анан чоңоюп калган беш көкүл кызы Апайды карап, “Кыз – кыроо, тууруңа конуп, инилериңе эш болуп жүр”, - деп кызына жакшылык тиледи.
“Аллага дооматым жок дебейм ки анан. ”
Эшиктен дүбүрт чыкты. Ал боз үйдү жандай бастырып келип үн катты:
“Тааныш үн – Талиптин үнү”, - Момунтай обдула, шар эшикке атып чыкты. Талип сөзгө келбей, шашылыш кабар билдирди:
- Жумгалда – Чаекте чоң той болот дейт. Ошого камынсын деди күйөө балаңыз. “Биз менен кошо аттанса” дейт. Ызаат-сыйды чогуу көрүп, чогуу тамашага батып келсеңер жаман болбос, Моке?
Бул сөздү уккан Момунтай ичинен жымыйып, салаасы менен суйдаң сакалын эки-үч сыйра тарап алды.
- Мели, ичине да, сыртына да чогуумун.
Ал каңгып чыккан башын сыйпалап, негедир табы болбой турганга өкүндү. Бирок Балжанды эстегенде чыйрала: “Барам, барам!” – деп ичинен сыр билгизбей чыйралды. Момунтай чечен көптөн бери ооруп жүргөн эле. Жүрөк оту менен чечендикти кудайым бирдей берип, Момунтай элдин оозунан түшпөйт. Анысы жаштарга үлгү эле.***Жыйырма чакты адам кошуп, Момунтайды башына алып Солтон Жумгалга жүрүш жасады. Эки түнөп Жумгалга жетип, той берген үй дагы бир күнчүлүк экенин угуп, четки үйгө кайрылышты. Анын үстүнө эти от менен жалын болуп ноокастап келаткан Момунтайды тыңытып, анан эртең аттансак деп чечишти.
Момунтай көптөн бери өзүнүн бейтап жүргөнүн билсе да, Жумгал тарапка деген оюнан кайтпай, этеги тигинтип, ат үстүндө араң келет. Денеси оор тартып араң турган Момунтайды үй ээси сүйөй, аттан түшүрүп алды.
- Кетмен-Төбө тараптан, ноокас адамыбыз бар эле.
Солтон үй ээсине кайрыла үн катты. Эми эле бейкам турган үй ээси алдастап, шашып калды. Анын кыркма жээрде сакалы тырсыйган анделектей бетине жарашпагандай, кабатталган быжыгыр ээгинен уйдун жампасындай бөлүнүп турду. Эшиктен:
- Меймандарды чакыргыла, дуба этсин! – деген жанагы кишинин үнү чыкты.
Эшик алдында, улагада туура тартылган кой эч нерсе менен иши жоктой, үй ээсинин колун жалмалап коёт.
Бул тапта эти от менен жалын болуп турган Момунтай сыртка чыга албады. Ал үйгө киргенде эле бүктүшүп, очок жанынан орун алган.
“Батанын ичиндемин”, - деп күбүрөгөн болду ал.
Сырттан Балжан кирди! Аны көргөн Момунтай эмне дээрин билбегендей: “Балжан. ” – деди шыбырап. Нес болгондой аны тиктеп калды. Ордунан тура албады.
- Ой, менин карагым! – Балжан да тааныды. – Не абалда келдиңиз. Ушундай абалыңызда көрмөк белем.
Балжан карагаттай көздөрүн жалжылдата, ноокас адамды телмире көпкө тиктеди. Ал эки көзүнөн салаалап аккан жашын тыя албай, Момунтайдын жанына чөгөлөй отурду.
Эсине келе калган Момунтай эски тааныш жытка мас болгондой, мойнунан “шуу-шуу” кана жыттады. Балдан кийиндей боло берди. Ошо тапта кирип келди кайнене.
Кайненесинин такыба экенин билген Балжан көздөрүнүн кычыктарын жоолугунун учу менен сүртүп:
- Акем. Бир көрүүгө зар болгон акем эле. Көрдүм акеми, - деп көзүнүн жашын кылгыртты.
Кыра кайнене канчалык шек алууга аракет кылса да тигил экөөнөн эч нерсени байкай алган жок. “Болсо болгондур, суйдаң сакал, эчки чычаңдуу акеси бар экен, ага эле эмне анча эреркейт?” – деп тим болду кемпир.
Онтоп жаткан Момунтайды оңдоп жапты Балжан.
Жанагы жээрде сакалчан чалынын байбичесинин улуу баласы экенин Балжандан укту. Атүгүл чалы тойго камылга көрүүгө жардамдашканы кеткенин, улуу байбичеси жакында көз жумуп, бийлик ара чоло өзүнө тийип калганын, жанагы кемпир кайненеси экенин да укту Момунтай.
Балжан чекесине майда жөргөмүштүн желесиндей бырыш кире баштаса да, андан шайдооттуктун, бир кездеги алоолонгон жаштыктын деми кетпегендей, Момунтайды көргөндө жандана, эки жагын кымтылап айланчыктай берди.
Тыяктан келгендер сыртта. Балжандын билгени, билбегени бар. Билгени – Балжанды төркүн кылып бөлүнгөнүнө кубанат. Балжан алыстан келген агалары менен учурашып, анча-мынча көз жашы кылып ары басып кетти.
Төрдө Момунтай жөөлүп жатты. Бирде ойноп жүргөн балдарынын атын атаса, бирде Жамалдын ысмын айтып: “Ой, бери келгиле!” – деп чакырат. Ара чолодо Балжандын атын айтат. Ошо замат эсине келе калгандай көзүн чоң-чоң ачып, айланасына көз чаптырып, өзүнүн кайсы жерде жатканын боолголойт.
Эч нерсенин жигин билгизбеген Балжан сыртта. Улам Момунтайды байкап кетет. Чачын небак бубак баскан, токсон ашып карыган кыра кайнене Балжан менен болуп, бир нерсенин жытын билген түлкүчө келинин карап калат да, ар нерсеге жумшап, Момунтайга - үйгө киргизбөө менен алек.
Эч нерсенин айласын таппаган Балжан иңир кире кара аякты шылтоолоп үйгө кирип, Момунтайдын абалын билип чыгууга үлгүрдү.
Ал киргенде жаңы эле нымшып, жаны жай алган Момунтай көшүлүп уйкуга кеткен. Аны сездирбей кайра чыкты Балжан. Анын жүрөгү желеге жаңы байланган кулундай туйлап, бар кубаты менен: “Момунтай!” – деп согуп турду. “Мен сени ушундай абалыңда жолуктурмак белем? Сенден ушуну күттүм беле? Берекем, ай! Айыгып кетсең экен. Кубатым ай! Бир көрүүгө зар болуп жүргөнүм. ”
Балжан чоң суунун жээгинде ичеги-карын жууп, солкулдап ыйлап жатты. Денеси заматта ыйдан барыгып, эки көзү көнөктөй болуп шишип, кызарып чыкты. “Он беш жылча көрүшпөй, эми көрүшкөндө көзүм кашаят го?! Ушу сенин алдыңа алса, теңириме ыраазы элем. Байкушум, ай! Тунгуч ырым, ай!” – деген Балжан суунун шары менен муңдашып отурду.
Балжан шишип чыккан көзүн улам-улам суу менен сылай берди.
- Кечиктиң да? Сага эмне болду?! Жана кеткен эмгиче жоксуң?! – деген кайнене келинине тап бере колун көтөрдү. Келин ыйбаа кылып, унчуккан жок.
- Ичеги-карынды жууганча ушу болду, - деп кайненесинин алдына түштү.
Ушул түндү Балжан кут сактоочу түнүндөй, таң атканча “чырм” этип уйку алган жок. Бардык жорукту тойдун камылгасына кеткен чалына шылтап: “Балаңызды күтүп жаттым эле. Беренди күтүп жаттым эле, кечикти го, эне?” – деп кайненесинин жүрөгүн жибитүүгө аракет жасап жатты. Бирок анын ою үйдө онтоп жаткан Момунтайды паанектеп, аны дагы бир көрсөм деп дегдей берди.
Жашоого келген пенде Момунтай чечен менен Балжанчалык сыр сакташпагандыр. Экөө эки башка үй бүлө күтсө да бири-бирине Кудайдан аманчылык, үй бүлөдөгү ынтымагын жан ынтаасы менен суранышар эле.
Таң тоо башына ак из таштагнада чукуранып, жеңилденгендей ойгонуп кетти. Ал өзүн жакшы сезип калгангабы, Балжанды бир көрсөм дегенде эки көзү төрт болду. Ага эшиктен жолуккусу келди.
Эшикке чыккан Момунтай эшик алдында турган кара кемпирди көрө, денеси жыйрыла үйдү айланып, заара ушатканы көздөн далдоо басты. Алдынан утурлап чыккан Балжанды көрө жылмайды Момунтай. Бирок нурсуз көздөрүнөн дагы эле алсыз экени билинип турду.
Балжан кашкайган тиштерин көрсөтүп, утурлай басып келатты.
- Жакшы болуп калдыңызбы?
Балжан чын дили менен Момунтайга жылмайды. Жаңы тарай баштаган сагыныч кайра күч алды.
- Балжаным, арзып келдим сени. Көрүп сагынычым тарайбы дедим эле, кайра артты. Сага жолуктурган тагдырыма ыраазы болуп отурам. Сени жолуктурган теңириме рахмат, Балжан!
Тилсиз Балжан Момунтайды кучактай, дагы бой таштады.
- Асылым, кубатым ай! Ушу жамандыгыңды укпасам экен! Сен дайыма оюмда жашап келесиң. Балалуу болсом да сени эстейм. Денемди байлап алгандай сен жашап келесиң менин сезимимде. Жамалга сен жөнүндө айтсам, түшүнүктүү жан да, мага кошулуп кубанып калат. Момунтай балжанга карады.
Анан ал тигил караандын суйдаң кара сакалын сылап, күтүүсүздөн төшүнө башын жөлөп, ыйлап жиберди. Момунтай аста унчукту.
- Ыйлаба, ыйды ары кылсын, асылым! Жашым эр ортонуна жакындаса да сен кетпей койдуң эсимден. Жаш карыса да жүрөк карыбайт деген чын окшойт, Бакиш.
Ал биринчи жолу Балжанды эркелетип айтты атынан.
- Сен чын эле кетесиңби?
- Кетем. Сени көргөнүмө ыраазымын. Тойго деп сен үчүн келгем, Бакиш. Ыраазымын, сага. Сен да ыраазы бол. Өлсөм – сөөгүм, тирүү жүрсөм денем ыраазы сага, Бакиш. Сени жолуктурган Теңириме ыраазымын.
Момунтай Балжанды дагы да бетинен сүйүп, шуу-шуу кана жыттап, мурдунан чымчып койду. Ал аны эркелеткени эле.
Балжан Момунтайга ыраазы болбогондой улам карай берди. Көрүп көзү тойбой жатты. Жалдырап көпкө тиктеди.
Таң агарып калганда Балжандын уруксаты менен Момунтай төшөгүнө келип жатты.
Анын көз алдынан Балжандын кыз кези чууруса, бир туруп Жамалдын элеси, балдарынын элеси өтүп жатты.
Ал ар нерсени ойлоп жатып, көшүлүп уйкуга кетти.
Момунтай көңүлү сергип, жүзүнө кызыл жүгүрүп ойгонду.***Тойго кеткендер бир апта жүрүп айлына кетишти.
Келген түнү Момунтай түш көрдү. Ал түшүн жорутмакка күйөө баласы Солтондукуна келип, эки жагын кооптуу карады. Үй толтура кишилерди көрүп, түшүмдү айтсамбы же айтпай тек койсомбу деп тигилерге көз тикти. Бардыгы жакшы санаалаш, бардыгы бир ооздон болгондой Момунтайды ызааттап төргө өткөрүштү. Эмнеси болсо да айтып коюуну эп көрдү.
Момунтайдын Солтондукуна кирип келатканын байкап калган Кызалак буурул сакалын сылап, артынан жыла басты. Момунтай аны байкаган жок.
Кызалак “кирсемби, кирбесемби” дегендей үйдүн сыртында ичтегилердин кебин тыңшап туруп калды.
Тек гана төрдө отургандарга түшүн жорутмакка Момунтай сөздү алыстан баштады.
- Ийе, адамдар кээде кызык түш көрөт, түндө мен түш көрүп.
- Ийи, ий, Моке, ал кандай түш экен? – арыта отурган
Жамаке Момунтайды коштой кетти.
“Айтсамбы же айтпай эле тек койсомбу?” – деп отурган Момунтай түндө көргөн түшүн ортого салып,жообун угууну эп көрдү.
- Түшүмдө аягыма ай тууп, башыма күн тууп, орто жериме Чолпон жылдыз тууп, өзүм бакыттын чөйчөгүнө балкып турган экемин.
Ушуну эле күтүп турган Кызалак эч кимден сөз күтпөй ичкери кирип келип, чөгөлөй отура калып түштү жоруп жиберди:
- Ийи, мырзам, аягыңа ай тууса – айдай көргөн балаңдан айрылат экенсиң, башыңа күн тууса – күндөй көргөн балаңдан айрылат экенсиң. Орто жериңе күн тууса Жамалың экөөң эки бөйрөгүңөрдү таянып солкулдап, бири-бириңди тиктешип, ыйдан башка эрмегиңер жок, ээн үйдө эчкирип, керегенин көгүн карап олтуруп калат экенсиңер. Мунун несин айтасың, билерманым. Биз ат үстүндө жүргөндө сен бортко элең.
Кызалак кийинки сүйлөмүн атайын уксун деп кекээр айтты да, эч кимден жооп күтпөй, табасы канган кишидей эшикке бет алды.
Жамаке тигини зекий:
- Түштү да ушундай жоруйт бекен?! Түш жоруган жакка кетет. Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлөсөң боло, сакалың өрттөнгүр! – деди.
Кызалак өйүздө жигит болуп, Мусага окшоп жутунган жан эле. Момунтай атасы менен барганда жолугушкан. Кийин Богорстонго келип аны жандап жүрдү. Азыр ошол айылда.
Кызалак анын кебин тыңшаган да жок. Жөн каалгый сыртка чыгып баратты. “Кымыз ич”, - деп бирөө айтпады.
- Уа, атаңды. не дейт? Жашаарыңды жашап, ичериңди ичип алдың. Сен өл, куу сакал. Кызыталак, не дейт бу жугундукор? Богорстон барында киши элең, өзүнүн жанына алдырып Мусага тең кылды эле.
Катуу кейиште калган Момунтай сыртка чыга тээ алыста кетип бараткан Кызалактын караанын жек көрө көпкө карап турду.
Оо, оозуң күйгөн Кызалак, билгендей айткан тура! Ушу жылы кара тумоодо эки уулунан тең кол жууп олтуруп калды. Жеке эле Момунтайдын балдарын эмес, далайды жалмап кетти го итиң?
Кызалак да бул аламетте жалгыз кызы Жылдызбүдөн ажырады. Ылайым оозуң күйсүн Кызалак!
Бу көрүнүштүн барын Кызалактан көрүп жатты Момунтай.
- А кепиниң күй, а! Ылайым тозокко түш, а!
Эки бирдей туягынан ажыраган Момунтай ичин өрт чалып, көзү чүңүрөйүп арыктап кетти. Күнүгө эрмендүү дөбөгө чыгып аласасы бардай күн батышты карап, бир ордунан козголбой олтурганы олтурган. Үйдөн муңга чыланып Жамалдын кошогу жүрөк эзип, алда кайда угулат.
- Ийе, не дейт! Бу дүйнөң түшкүр чөгүндөгү суучалык белем.
Аялынын кошогун уга берип, жүрөгү сыгылып кеч кирсе да үйүнө барбай Эрмендүү дөбөнү айланып күн батыш тарабына басып кетчъ адат тапты.
Кызгылтым болуп батып бараткан күн анын бир кездеги жаштыгы, курчтугу сыңары улам жалыны өчүп, чөккөн нардай пастап, тоого жашынып баратты. Жаңы бышып саргая баштаган чөптөрдүн жалбырактары шуудурабай, жел эзбей тынчтык өкүм сүрөт.
“Э дүйнөң түшкүрдүкү, жашың улам өйдөлөгөн сайын жумшаксың, назданып он бештеги кыздай сулуусуң”.
Көңүлү ачыла түшкөн Момунтай асманды тиктей, жүрөгү “болк” этип туйлап алды. Батышты карай учуп бараткан турналар анын көзүнө укмуштуудай көрүндү. Эмне үчүн кеч кайтышты? Жада калса турналар да айыптуу сезилип турду Момунтайга.
“О атаңды. Эки кулунчагым менен силерди жазда Каркырага узаттым эле го? Кана алар? Тукумуң соолугур, кайда кетишти! Айтып бергиле, жооп бергиле?!”
Күйүткө алдырган Момунтай көзүнө жаш алып, каркыраларга эки колун тосо жалына берди.
Күн да батты. Турналар да Сакман тоосун ашып көздөн кайым болушту. Момунтайдын да бул күнкү өмүрү кайткыс болуп, турналар сыяктуу алыс калды. Каркыралар кайтып келишет. Бирок Момунтайдын бул күнкү өмүрү убакыттын чеңгелинде кайткыс болуп, дарексиз жок болду.
“Ок, баччагар, турмуш ушул болсо, жашоо ушул болсо, не бар дагы жашап көрө турган?”
Момунтай эки колун артына алып, Эрмендүү дөбөдөн ылдый түшүп келатты. Алыстан чаңырган үндү укту ал. Башын өйдө көтөрө берди.
Солтондун колундагы камчы жылкычынын башы-көзүнө аркы-терки шыбалып жатты. Жанына басып келген Момунтайдын жини келди:
- Бул не кылганың? Не жоругуң, Солтон?!
- Ийе, ушунуку өттү! Былтыр саанга деп алган эчкимдин улагын бербейт. Тапсын улакты, болбосо башын каңдайм!
Сөз арада жылкычы кепке аралаша кетти:
- Тууган эмес, айыл аксакалы. Улагын алып калган, орсок сааганбыз. Апам кабыргасынан кагынып, ошого деп алгам. Болбосо. акысына жайлата жылкысынын артынан болдум.
- Эй, жаныңды жегир! – Солтон жана да ачуусуна жеңдире, жылкычыны жон талаштыра берип калды.
- Тек, токтот! – Момунтай ачуусу келе, Солтонго кытмыр жылмайды: - Бу эчкиң текеге кошулганбы?
- Жок, жок аксакал, - жылкычы жана да сөзгө аралашты.
- Мен берем, улакты. Ал эчкиңди! Бирөөгө кадырымды салсам да таап берем.
Солтон камчысын сүйрөй ары басып кетти. Жылкычы Момунтайга жалына, эчкини жетелеп, мурунку тобуна алып барып кошту.
“Зордук! Тирүүлөй зордук! Карганын баласын канча кастарласа да карга бойдон калат. Ал шумкар болуп учуп бербейт сага. Малынын туягын санап, Богорстон атасы да өттү. Көрүнө эч нерсе ала кеткен жок. О, Жараткан, бирөөнө кор, бирөөнө зар дүйнө деген ушул экен го?!”
Ансыз да көп ойдон ооруп чыккан башын мыжыгып, үйүн карай бет алды. Үйдө аялы керегенин көгүн титкеп, кошуп отурат. Заманасы куурулуп, Момунтай үйгө батпады. Аялын көргүсү келбеди. Башынан көптү өткөргөн Момунтай аста кеп баштады. Жамал уксун деп бек айтты:
- Жамал, биз ким элек? Мен – жатакчы, сен да жатакчынын жөн бир кызы эмес белең. Эми минтип адам болдук. Же жалганбы?! Жалган болсо аны айт, жашырба. Жүрөгүмдү мыжыкпа, “Катын жакшы – эр жакшы, обозгер жакшы – хан жакшы”, же төгүнбү? Көз жашыңды тый, эки баланы бирдей берген Кудай дагы берерин унутпас. Кыз турат го. Кыз адам эмес бекен?! “Алысты жакын кылган кыз, ачууну таттуу кылган туз” же андай эмеспи? Эмне боздойсуң, мынча? Ырас, эки бала кайрылгыс болуп, туурунан учту. Кейибей турган ишпи? Ошентсе да кайрат керек. Мен айтпасам сага ким айтат?! Сен айтпасаң мага ким айтат?! Балдар учканы, сенден үмүттү улай турган кеп укпадым.
Айтаарын айтып алып, Момунтай жашып кетти. Анысын аялына билдирбеш үчүн тескери бурулуп үйдү айлана басты.
Бешке чыгып калган Апал атасын карап, эшикке акырын чыгып басып баратты. Эки караан бет маңдай тиктешип отурду. Момунтай унчукпады. Жамал нестейди.
Кичинекей Апал эшикте ойноп жүрөт.***Тоодон жылкылар келип, күзгү жайытка айдатылды. Ошондо үйүрү менен келген кара кашкасын көрө Момунтай ордунан атып турду. Ал Момунтайдын дартын билгендей, анын жүрөк сырын козгоп, көптөн бери көрбөгөнгө ээсинин жытын жыттагандай, тумшугун колтугуна катты. Бул адам Момунтайдын балдары тирүү кезинде да кайталана турган. Балдар: “Мен минем! Мен минем!” – деп аттын тизгинине асыла кетишчү. Ата салты боюнча “Быссымылда” деп улуусун алдына, кичүүсүн артына учкаштырып, далай жолу ат тизнинин карматып коё берген. Эми антпейт, ал учур кайткыс болуп кетти.
Чырпыгы сынып, чынар калды кара кашка! Ок түгөнүп, улар калды кара кашка!
Кара кашка анан ээсинене уруксат сурагандай үйүрүн карап кишенеп, улам тигинин колтугуна башын салып түрткүлөй берди.
- Бар, бар, жаныбарым! Солтон сураганынан бердим эле.
“Тукум алалы” дегенинен бердим эле. Бар жаныбарым, бара гой. Аман болсоң кара шыма союларсың. Болбосо сени да карылык тооруп турат, туягың жешилип жоюлаарсың. Бар эми.
Момунтай кара кашкасын май сооруга чаап кала берди. Ушул кара кашка менен ылдыйкы туугандарынан келатканда карышкыр жеп жаткан келинге жолукканын эстей кетти. Баса, Самтыр аттуу инилүү болуп, Жамалды алар жылы ал кызамыктан чарчап, дагы көп өзгөрүүлөр болбоду беле.
Самтыр жөнүндө элдин эсинде күүгүмдө көрүнгөн жарганаттай гана элес калды. Андан бери эмне болду? Эмнелер баштан өтүп, эмнелер жүрөктү мыжыкты?
Ал андан ары Эрмендүү дөбөгө бет алды. Артында келаткан жалгыз атчан караанды байкоос албады.
- Атсалоому алейкум, ата?
- Ву-алейкума ассалам, кел балам? Келген экенсиң.
Момунтай оозунан кандай сөз чыгып кеткенин байкабай, тиги балага суроолуу көз тикти.
- Атам сизди келип кетсин дейт. “Келбей койбосун, сүйлөшөөр кеп бар” деди атам.
Баланын такыба тактоосунан улам, Жамакенин баласын бышыктап жибергенин билди.
- И, барам, кеч кире барам. Айтып кой Жамакеме.
- Момунтай баланы узатып коюп өзү кароол таштагы текедей даңкайып кала берди.
Кечки сыдырым жел Момунтайдын суйдаң сакалын тарап жатты. А асманды карады. Түйдөктөй булуттар күндүн кызгылтым болуп батып баратышына өңдөшүп, эртеңки күндүн ачык боло тургандыгынан кабар бергендей чыгышты карай көчүп баратты.
Ал Эрмендүү дөбөдөн эңиштеп түшүп келет.
Эшик алдында турган Жамаке Момунтайды утурлап алдынан тосуп чыкты. Далай жерде болуп, элди далай ыгым-чыгымдан куткарып сөз атасын таап сүйлөгөн чечен Момунтай апкаарып калды. Жамакенин эмне деп айтаарын билип турган. Ал үй ээсинин ачуусу менен үйгө кирди. Артынан кирген кары Момунтайды төргө өт дегендей төрдөгү бостекти көрсөтө ишарат жасады. Момунтай кийинчирээк эки баласы бирдей өлүп ойчул тартып, кайгынын шарында ала салып жүргөнүн Жамаке билбейт дейсиңби, жакшы билет, бирок айтаар сөздүн өңүтү келбей күтүп жүргөн.
- Моке?-деди, көптөн соң үн катпай олтурган Жамаке. Бу кийинчерээк башыңа иш түшкөнү кейикчээл да болуп кеттиң. Билбейт дейсиңби, баарыбыз билебиз.
- Жамаке ортодогу өлүк тынчтыкты бузуп сөздү алыстан баштагысы келди. Бу кара тумоо жалпы журтка түшкөн чачыла. Кээ бир үйдөн бирди алса, кээ бир үйдөн экиден алып, айрым үйлөрдөн түндүгү тартылбай калды. Аны түшүнүп эле тургандырсың. Же жалганбы?
Момунтай унчукпады. Тек коломтону карап нестейди.
- Алды жер алдында болсо, арты минтип эми баш көтөрүп келатат.
Ал колун жаңсай кичүү уулу эми баш көтөргөн
Кененбайды көрсөттү, башка түшкөн ишти ким көтөрбөйт. Ким экен ал? Айтсын кыйын болсо. Адам жүкчүл, адам башына канчалык оор иш түшсө ошончолук салмактуу тартат. Адам нардай жүкчүл деп өзүң айтчу эмес белең, же унутуп калдыңбы? Же төгүн айтып жатамбы, Моке? Жалган болсо анымды айт. Чын болсо белиңди бек бууп эртеңден баштап аттан. Эки баланы берген Кудай дагы берерине унутпас. Кечээ бу кара кашканын мойнун кучактап, көз жашы кылганыңды береги Түмөнбай айтып келди.
Ал улагада олтурган улуу улуу Түмөнбайды көрсөттү:
- Түшүнсөң уят иш. Эл билерманы андай болбойт, журт ишенген адам андай болбойт. Мындан ары белиңди бек бууп, кайра аттанып чык. Мүңкүрөгөндү Кудайым алсызга берген.
Жамаке пикириндеги нерсесин ортого салды.Момунтайга катуу айтып, сөзгө жыгып койду. Момунтай үн катпады. Алдында жөрмөлөп бараткан эл көчөрдү кармалап, улам ала салдыра эрмектеп, акыры аны кое берди. Анан башын өйдө көтөрө:
- Жаке? Ушу кепти айтаарыңды билгем. Эл бар - ырысым бар. Мүңкүрөп калганым жок, Жаке. Рахмат, кайратыңа! Сен айтпасаң ким айтмак!
Момунтай эки бетине кызыл жүгүрүп же уялганын, же кайрат жыйганын билдирбей, ордунан козголду.***Сагызган изи кар түшкөндө кара кашканы алдырып минди.
Кең соорулуу кара кашка аябай толгон. Кара кашка адатынча Момунтайды колтукка түрткүлөп, андан жем сурап жаткандай окуранды. Эшиктин алдында турган Жамал уулдарын көргөндөй кара кашканы көргөндө эчкирип ыйлап жиберди.
- Токтот, ыйыңды! Жетишет!
Момунтай жаңы бүтүп келаткан жүрөк жаратын сыйырткысы келбеди. Жамал көзүнүн жашын арчып, үйгө кирип кетти.
Атын жаңы токуп минген Момунтай ары-бери бастырып көрүп: “Ат калыбында экен”, - деди да жогорку айылга бет алып жөнөдү.
Кара кашканы мингенге бир кумардан чыккандай чери жазылып, алчаңдата абстырып баратты.
Момунтай алыстан чуу уккансыды. Кулагын ишене бербей дагы да тыңшады. Чуу,чын эле чуу Шариптикинен чыгып жатыптыр.
Шарип Балжандын эки ата өткөн тууганы боло турган Балжандын андан жакын тууганы жок экенин Момунтай жакшы билчү. Аттын башын четки үйгө буруп, чуунун эмнеден чыкканын сурады. Четки кара үйдөн он экилер чамасындагы кара тоголок бала чыга калып: Жумгалдагы карындашы Балжанды угузуп жатышат. Атамдар да ошого кетишкен. Үйдө эч ким жок-деп тиги бала кийиндей берди.
Өңү өзгөрүлө түшкөн Момунтай кулагына чыңырык угулуп, өзүн өзү колго алалбай турду бу тапта. Көптөн кийин барып эсине келгендей аттын башын Шариптикине буруп өкүрүп түштү.
Анын жүрөк жараты сыйрылып, эки көзүнө жаш толуп эки беттин жүлгөсү ылдый чуркап жээрде, сакалына сарыкты. Боорум ой! Боорум ой! Момкнтай эки бөйрөгүн таяна көпкө басылбады.
Ушу кечте Шариптер Жумгал тарапка камына башташты. Айыл билерманы болуп, далайдан атагы чыккан Момунтай чечен сөз баштады.
- Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы. Тагдыр экен Шарип, Балжан келгис сапарга аттанган экен.
Момунтай Балжандын атын атаганда анын элесин тирүү кезиндегидей көрүп ичинен сыздап алды. Үнүн каргылданта сөзүн улады.
Жумурай журт барбасак да, төркүнү жоктой кылбайлы. Мына жакын тууганы сен турасың, Шарип? Зайыбың экөөңө кошулуп мен барайын. Азыртан калбай камынып аттаналык. Балжан кандай эле. Кыз болсо да бир атадан жалгыз болуп айлыбыздын көркү эмес беле. Төркүнү жоктой кылбай калдайып түшөлүк. Жакын деген тууганы сен турасың же. жалганбы? Тездетели.
Солтондун элинен да куда сөөктөр кошулуп жүрө турган болушту.
Момунтай ууз махабаты менен коштошуп жатканын эстегенде сөөгүнө жетип барууну милдетим деп сезди. Балжанды эң акыркы жолу көрүп алууга ашыкты,шашты. Киши чаптырып:
- Уялга айт, Солтондо Момунтайдын чолок куйрук көк бээси бар экен, ошону берсин деди деп, аны киши чаптырып алдырды. Эл орунга олтура жөнөп калышты. Аларга таң сүрө Сары-Камыштагы орто чарба Кулубектикине кайрылып бир аз эс алып кайра аттанышты. Жумгалга эртеси түш оой жетип келишти.
Балжандын сөөгүн алып чыгууга камынып жатышканда барышты өкүрүшүп.
Кара кашканын оозун кое берген Момунтай, көзүнөн жаш куйулта сакалын дирилдетип, бөйрөгүн таяна солкулдап катуу кейип түштү.
- Баягы жылы келген агасы. Жолдо келатып ноокастап Балжандыкына төшөктө жаткан агасы-деп аяп жатышты көргөндөр.
Момунтайдын артынан жете келген атчандардын атын алып тигиндей жетелеп кетишти.
Боз үйгө ири алдыда кирип барган Момунтай он капшытта суналып жаткан сөөктү көрө ак кийизден бетин ачтырып, чекесинен сылады.
- Кош, Балжан. – андан аркысын айта албай, сакалы дирилдеп, көзүнөн жаш чайыла түштү. Сөөккө жаш тамызуу күнөө. Аны билген Момунтай маңдайынан үч сылап кийиндей бол берди.
Туруп калган Момунтайды бир аксакал жеңинен тарта:
- Туугандары коштошобуз дейт, мындай болуңуз, - деп жеңинен тартты. Ошондо эсине келе ал эшикке бет алды. Түш ооп күн бүркөлүп, батыштан соккон шамал Момунтайдын сакалын дирилдетип турду.
Сөөктү көтөргөндөр көрүстөндү көздөй жөнөгөндө калың эл “чур” дей түштү. Ал эң акыркы коштошуусу эле.
Көрүстөнгө жеткичекти бейит өңдүү тунжурап, жымжырт болуп барышты. Баары акыры өз баштарына келер пендечилигин, башка келер бир өлүмдү ойлогондой жер тиктешет.
Заматта үйүлгөн топурак дөбө болуп, “Балжандын бейити” аталып кал аберди. Айылдын молдосу куран окуп, жети кадам аттап, жалпы арбактарга куран аташты. Үйгө жакындай бергенде сөөктүн жакындары чуу салып, үйдү тегеректей өкүрүп түшүштү.Момунтайдын шам чырактай тээ алыстан бүлбүл этип көрүнгөн тунук махабатынан түбөлүккө айрылышы анын бир капшытын эңшерип кеткенсиди.
Анын эки жыл мурдагы кер мурутуна ак кирип, чекесине мезгил торун түшүргөн.
Көк бээни Балжандын жетилигине атап, эки кызынын маңдайынан сүйүп:
- Кайрат кылгыла, апаңар эми келбейт. Эми ал кайрылгыс болуп кайтты. Курандан башка айла жок, - деп көңүл айтты.
Жетилигине күтпөй алар жолго камынышты. “Күн бүркөлүп, белди кар басып калабы” деп коркушту.
Өзгөчө Балжандын улуу кызы Момунтайга абдан сүйкүмдүү көрүндү. Кызды карап, көзүн тартып алган Момунтай бир кездеги жаш Балжанды көргөндөй улам кайра уурдана карай берди:
- Уял, - кыз албырып кеткен жүзүн жашырды.
- Уял?! – Момунтайдын бүткөн боюн калтырак басып, титиреп кетти. “Байкушум, ай! Тунук сүйүүм, ай! Бу неси. Мени унутпайын деп, карындашымдын атын койгон го? Өлбөй кал, ылайым өлбөй кал! Балжаным, Бакишим. Айланайын чолпон жылдызым!. Сени өмүрүмдүн гүлазыгындай тутуп, карааныңды бир көрүүгө кумар болуп, элесиң менен өмүр сүрүп, сен деп жашабадым беле!”
Ал ойлордун курчоосунан чыга албай, кызды улам карай берди: “Окшош экен! Чын эле окшош экен! Балжан өлбөптүр го? Өзү өлсө да артында сайып кеткен саймасы калганы экен. Союп каптагандай окшош тура.”
Жээрде сакалын кош колу менен салаалап тарап, ойго чөмүлүп, бет алдын тиктеп мелтиреди.
Алар Жумгалдан кайтканда Уял сиңдиси экөө, атасынын уруксаты менен аларга кошулуп, бир чакырымдай кошо узатып келишти.
Асманда кар жаарынан кабар бергендей кузгундар “курк, курк” эте канат күүлөп, теректен-терекке конуп, бет алдыны үмүттүү карашат.***Момунтайлар айылга келгенден кийин Шариптикине эл куран окутканы агылып келип, Шартиптин көңүлүн алган болушту.
Бир жыл ичинде үстү-үстүнө келген кайгы Момунтайды кыйла басынтты.
Шариптин кайгысына карганда да Момунтайдын кайгысы кыйла оор эле. Бирок башынан жүкчүл, ары ойчул Момунтай сабырдуу да, кайраттуу да.
Жумгалдан келген күндүн эртеси Эрмендүү дөбөгө дагы чыкты. “Экинчи ушул дөбөгө чыкпайынчы!” – деген оюнан ал танды.
Бул дөбөдөн айлананын баары көрүнө турган.
Тээ төмөндөн агып жаткан кашка суу ак шейшептин тешигиндей көрүнөт. Эрмендүү дөбөдөн аппак жайык андан ары муз каптаган дайра, дагы өрүлөп ак чач тоолор. Андан жогору жакта боз туман көзгө комсоо көрүнүп, мунарыктайт.
Анын ой-санаасын да азыр боз туман каптап, өңү керсары тартып, маанайы пас. А бирок, сезиминде замандын ачуу заары жыттанып турса да басынгысы келбеди. Кайра ал сезимдин өзүн басынткыс келгендей, тээ бозоруп жаткан чексиз ааламды мелтейе тиктеди.
Эки баласы учуп кеткенден кийинки жылы Жамалы көз жарды. Жамалды сооротоюн дедиби, жарык дүйнөгө келген ымыркайдын атын Сооронбай койду. Сооронбай талпынып калганда дагы да төрөлгөн баланын атын “өзүнө тың, эл баккан дыйкан болсун” деп Дыйкан койду.
- Жамал, Теңирим берерин унутпасын. Туулганына сүйүнбөй, турарына сүйүн, - деген Момунтай эл аралап, Үмөт байдын эшигинде ат мамыда байлануу турган кара боз атты көрүп, байдын үйүн карай бастырды. Арыта келаткан, Чаарбектин ылгалдарын көрө чоочуп, нестейе карады.
“А, кызыталак! Бу сарттарың жан койбойт го! Ыгым-чыгымын күчөттү го!” – деп алдынан утурлай бастырып, байдыкына түштү.
Байдын үйүндө отурган ылгалдарды көрө Момунтай аста салам айтып кирип барды. Берите отурган Үмөт өзүнчө кобурап Супатайга:
- Уулум, Момунтай экөөңөр Шадыканга айттырып койгула, ылгалдар ыгым-чыгымын алып кетишсин, - деп, Шадыканды жашсынтабы деп кооптонду.
Тигил ылгалдарга жанаша отуруп, сөз кабарын билген Момунтай байга:
- Аба, ылгалдар эмне дейт? – деп калды.
Анда төрдө отурган, чоң кара тебетейи бар кара сакалчал ылгал:
- Баягы жылкыларды тосуп, кайрып келген сен белең? – деди.
- Ооба, - деп нестейген Момунтай ичинен Кокон хандыгынын кеңейип баратканына эмес. Алардын коюп кайткан бектеринин айла-амалдары бирдей экенине нааразы болду. Момунтай ойго чөмүлүп, ылгалдарга эмне деп айтсам дегенче кара тебетейчен Момунтайга карап:
- Биз жөн келбедик. Силер улукка салам берүүгө жарабадыңар го? Айыбын тартасыңар. Улуктун кырк ит күткөнүн билип туруп, улуктун билерман экенин билип туруп, сулуу кыз менен сулуу бала жөнөткөнгө жарабадыңар го. Же жалганбы?
Ал кекете, Үмөтбайга тике карады. Момунтай ылгалдарды чочутпай, кепти алыстан баштады:
- А билермандар, күндүн көзүн көргөн үшүбөйт, хандын көзүн көргөн өлбөйт. Аны билип турасыздар. Шу ки, сиздердики да туура. Өткөн жылы жут болуп, ыгым-чыгым төлөй албадык. “Суу көп болсо жер азар, кайгы көп болсо эл азар”, билермандар. Малды жалчыга бактырдык, отунду отун алганга жактырдык. Эптеп, улуктун чыгымынан кутулалы деп турубуз.
Кара тебетейчен адамдын жүзүнөн жылуулуктун илеби сого баштагандай:
- Түзүк, түзүк, - деп койду.
- Э бай, жүктү эл менен бирге көтөрөлү. Боз кыроодо эл менен кеңешип, ылайыктуу иш жасайлы. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” эмеспи, - деди. Момунтай жалпы ылгалдардын жүзүнөн анчалык ырайымдуулукту окуй албады.
- Улуктукун билип турабыз ки, лекин сиздерден ырайым күтөбүз. Эл издесе, табылбасты да табар. Алып барабыз боз кыроодо.
Момунтай ылгалдарга ырайымдуу, жалынычтуу тиктеди. Чоң кара тебетейчен көпкө эч нерсе дебей отуруп, беркилерге карап:
- Болуптур, боз кыроону күтөлүк. Чаарбекке эмне деп айтып барабыз? – деди. Момунтай:
- Эгин айтыптыр дейт, билерман, “сууга мени кандырсаң, унга сени тундурам” деп. Ушуну айтып баргыла.
Ылгалдар көпкө карап отурушуп, Момунтайды өздөрү менен кошо ала кетмек болушту. Үмөт өзүнчө кооптоно, Момунтайга карап:
- Жатакчыларда айтылган кеп бар: “Дыйкан болсоң эгинди күзүндө эк, күзүндө экпесең жазында эк. Маңдай териң куюлса эмгегиңди кайтарар. Бир аз эгин артып алалык, ушу сенин калганың оң болуп турат, Момунтай. Момукемди калтырып кеткиле, күздө чогуу баралы.Азыркыңарга тиги боз айгырдын үйүрүн айдап кеткиле, - деди.
Ылгалдардын жүзүн күлкү чайып:
- Баракелде, жана эле ошентпейсизби! Бирок боз кыроодо барарыңаар башка, - деп боз айгырды үйүрү менен айдап кетишти.
- Бербей коё турганда болот эле, аба. Мени кырк итине ыргытып ийсе да пача сарт менен сүйлөшүп көрөт элем. Мейли эми, жапа чекпей кайрат болбостур. Орто улук менен дагы бир беттешип келсем болмок эле.
- А Момунтай, сени ылгалдарга айдатып ийип, көргөн күнүбүз курусун. Тиги жакта Короштун жаш Сасыгы, Боргемиктин Шадыканы турат. Ошолор менен кеңешип иш кыл. Алар жаш. Мен ак күп жөжөдөй карып калдым. Жаныңа Супатайды ала жүр, - деген Үмөт Момунтайды ишеничтүү карап, ары басып кетти.***Боз кыроодо Эрмендүү дөбөгө чыккан Момунтай адатынча айланасына көз тикти. Жыландай ирилип жаткан Ачыктын суусу тартылып, капчыгайдагы бадалдардын жалбырактары саргайып калыптыр.
Нарын арал тартылып, майын куму жайла жер ээлеп, дайранын өңү баягысындай бозоруп, агып жатат. Тигил бакта сагызган шакылыктайт. Момунтай дагы да адатынча: “Бир жактан кабар келет го”, - деп төмөн жакты карады.
“Улукка эмне алып барабыз? Анын бычымы го белгилүү дечи, кыз менен баланы кайдан табабыз? А пача сартты кантип тынчытар экенбиз? Дагы да болсо ишке Үмөт абам жарайт. Баягы жылкысын алып келип бергенимди эстейби?” – деп койду.
Момунтай Эрмендүү дөбөдөн ылдый түшүп келип, алдынан чуркап келаткан Сооронбайга сүйүнүчтүү карады.
Ушул кечте Супатай атасынын бүгүн катуу ноокастап калганын айтып келди. Момунтай ойлуу отурган Супатайга карап:
- Кары эмне дейт? Абам эмне дейт? – деп нестейди.
- Эмне демек эле, “Момунтайды чакырып кел” деди.
Эки атчан Үмөттүкүнө түшүштү. Алдына көлдөлөң төшөтүп, башына жаздык койдуруп, демигип жаткан экен бай:
- А кел, эл агасы. Кийинчерээк абал сурабай калдың.
Мен минтип. - Үмөт кыңылдай. О көптө барып сөзүн улап, - Жаш болсоң да элге башсың. Тиги Толук жактан кабар алдыңбы? Ал жактагы туугандар кантип жатты экен? Кокус тескери карап кетсем, “эл тынч” деп өткөндөргө айта барайын, - деп күлгөн болду.
- Э, аба, алыңыздын кеткени, карылыгыңыз. Көп бошобосоңуз, - деди.
- А түзүк, балам. Бу бутумдун шишиги киндикке жетти. Калганын өзүң түшүнүп тургандырсың. Тигил ургандардан өзүң бирдеме деп кутулуп, сөз табарсың. Момунтай:
- Боз кыроо болду, эмне дейбиз аба?
- Айтпадымбы, өзүң кутулуп ал деп!
Момунтай Үмөттүн түрүнүн бузулуп кеткенин көрүп, унчуккан жок.
Үмөт жылдыз толо үзүлдү. Улукка деген ыгым-чыгым Момунтайдын мойнунда калды.***Боз кыроодо Рыскулбек Кетмен-Төбөнүн беги болуп, ыгым-чыгым ошол аркылуу Кокон хандыгына төлөнмөй болду. Рыскулбек амал менен бек болуп, эки жакка аз аттанат.
Ошо 1858-жылы Орозбай туулгандан эки жыл өтүп, Боз-Тектирде жаңы конушта Конушбайы жаркчылыкка келип, Момунтайдын санаасы тынчып калган кез. Бирок ошол жылы Момунтай көп азап тартты. Кыраа, далайды көрүп сакал-муруту аппак болупк арыган Рыскулбек санаа чегип жүргөнүн өткөн-кеткенден угуп да жүрдү.
Рыскулбек балдары Акмат, Дыйкан, Атакан, Миңбай, Мырзакан беш бөрү болуп Кетмен-Төбөнү бийлеп, Дыйкандын ысымы катуу чыгып, жыйын ансыз өтпөсүн эл билип калган чак да келди.***Кызалак менен Муса жашы өйдөлөп жетимиштен эбак өткөн. Экөө тең Богорстондун барында бир уруу элди кошо чеңгелдешип келди. Өйүздөгү Өйдөчектилерден туугандарына көчүп келген Кызалак Өйүзгү ууруларга жол ачып жүргөнүн билип, туугандары алыстап кетип, эми минтип Мусаны жандап оокат кылат.
Кызалак кээде тээ мурун өткөн окуялары: Момунтайдын түшүн жоруганы эсине түшкөндө өзүнө-өзү ичиркенип. Алласына ак барууну ойлоп, өзүн-өзү жемелейт.
- Оозум күйгүр! Карасаң, Момнутайга таарынып, түшүн жоруганым келип калганын карасаң! Кызыман кийин кемпиримден айрылбадымбы! Мен деле соо болгон жокмун. Эми минтип жеңемди караан тутуп жашап жүрөм, - деп кейип калат.***Саратан айынын этегинде Момунтайлар журт которушту. Алар менен Муса, Кызалак кошо көчүп, Ачыктын тегерегине конушту. Бул кезде Момунтай бала-чакалуу болуп, эски жарат унутулуп калган. Бирок Кызалактын түш жоруганы эсине такыр чыккан жок. Тобо, Кызалак жоруган түш жамы журтка тийгенин карасаң! Ошол жылы алемет элдин жарымынан көбүн алып тынды го.
Момунтай жалпы эл эгеси болгон кез.
Ушул күндөрү Кызалак түш көрүп, түшүн айтаарга киши таппай жүрдү. “Түштү кандай жорусаң ошол жакка кетет. Жакшы түштү сатып алса да болот”, - деген Кызалак түшүн кымыз ичип отурган жерде айтты:
- Жыл өткөн сайын жүгүң оорлоп, артыңда туягыңдын амандыгын тилеп калат экенсиң. Түшүмдө ак куржун салынып, ак эшен болуп эл кыдырып, жалаң сыйдын үстүндө экемин. Мингеним боз качыр. Бастырган сайын таскагы күчтүү, кирген суу туш келсе, боз качырды камчыга алганымда кирген суу айран болуп уюп, экиге бөлүнөт да, алдындагы ташы көрүнөт. Жай бастырып өтүп кетем, боз качыр менен. Ак куржундун чекеси да суу болбойт. Бул түштү ким жоруйт?
Жаңы эле кымыз куюлган кесени эрдине тийгизип туруп калган момунтай эрдинен тартып ала коюп. Кызалактын түшүн жоруй кетти. Эски жараты сыйрылып, тээ качанкы окуя эсине түшүп ою бузулду. Анан түштү жоруду:
- Э, Кызалак, түш көрбөгөн пенде болобу? Түштү бардык пенде көрөт. Бирок түштү адамдар гана жорушат.
Бу түштө ак куржун салынып жүрсөң, ак үйүңдөн айрылат экенсиң. Боз качыр минип жол жүрүп баратсаң алыска сапар чыгып, шу ки Анжиян тарапка багыт алып, тентип өлөт турбайсыңбы.
Көптөн бери эл эгеси деп Момунтайдын ичи-сыртына бирге болгон Жамаке аны жактырбагандай карады. Аны Момунтай өзү да туюп калгандай, сөзгө калбайын деп эшикке бет алды.
- Момунтай, - Жамакенин үнү жактырбагандай кекээр чыкты. – Олтур, ордуңа!
Момунтай нестейе Жамакени карап:
- Ата көрү, “Ооздон жаңылган турбайт, бутунан мүдүрүлгөн турат” дечү эле. Бул сөздү өзүм жакшы аңдабай калдым. Болбостур эми. Түш дайыма эле кире берет дейсиңби? Түш жоруш кандай болот экен, Кызалакка жөн салды айта салганым, Жамаке.
- “Түштүн түштөй тозогу бар, жоруган жакка кетет” дечү эмес белең? – Жамаке Момунтайды жактыра бербеди.
- Мейли, бу Момукем эзелки кектин жаратын сыйрып, алдын ачып көрүп, түш жоруган кандай болот, ошону Кызалак билсин дегени тура. Ичиңе кетпесин, Кызалак. Момунтай жашы өйдөлөгөн сайын эмне болуп баратат? Мындай сүйлөчү эмес эле. Жакшысына да, жаманына да тең карачу эле. Ант уругур, көк нар тартчу болгонбу? Болбосо, эл билген кишинин оозунан ушул сөз кантип чыкты?
Момунтай алдындагы кеседеги кымызды ичип жиберип, эшикке чыгып кетти. Артынан үйдөгүлөр кошо чыгышты.
Элге кошулбай, чапанынын эки өңүрүн кымтылана, Момунтай эрмендүү дөбөгө чыгып көпөк олтурду. Жанына киши басып барбады.
“Атаат, эмне болуп оозуман ушул сөз чыгып кетти?! Жамаке туура айтты. Көңүлү калат дебей, мындан да катуу айтса болмок. ”
Ойго туна түшкөн ал өзүн-өзү тилдеп: “Меңдубана жегенсип, оозума келгенин сүйлөп койдум. Сүйлөбөскө да болбой калды. Мейли, өтөөр иш өттү. Кызалактын ичине кетти, бу кеп. ”
Кыжалат болгон Момунтай күүгүм киргенче Эрмендүү дөбөдө моло таштай зоңкоюп олтура берди.
Ошол кеч күздө куу саяңда не болуп күйгөнү белгисиз, Кызалактын боз үйү өрттөнүп, кереге-уугу жепирейип, кара күйүк болуп жерде жатты. Кызалак өзү Момунтайды көрбөйүн дегени го, Мусаныкына эки-үч күн байыр алып, кийинчерээк көрүнбөй калды.