«Артисттер биздин үйдө конок болчу»
-Мен 1960-жылы Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында төрөлгөм. Музыкага болгон кызыгуум тээ бала кезден ойгонгон экен. Анткени, атам Султан 1942-жылы согушка барып, 1947-жылы кайтып келген. Математиканы жакшы билген, орус тилинде мыкты сүйлөгөн сабаттуу адам болгон. Эми ал жылдары сабаттуу адамды табуу да кыйын болсо керек. Анан атамды колхоздо бригадир кылып дайындашат. Ал мезгилдерде айылдарды кыдырып, Мыскал Өмүрканова, Шекербек Шеркулов, Төлөш Турдалиев концерт коюп келип калышат. Колхоздун башкармасы атамды чакырып, эми сен колуңда бар адамсың, артисттерди үйүңө алып барып конокто дейт. Концерттен кийинки концерт биздин үйдө уланчу. Анан тиги артисттердин арасында Абдыкерим Бокошев деген мыкты комузчу болот экен. Атам раматылык балдарымдын биринин ысмын Абдыкерим коем деп тилек кылат. Кийин мен төрөлүп, мага Абдыкерим деп ысым ыйгарышыптыр.
«Мектепте «жылдыз» болгом»
-Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз, 4 уул, 4 кыз. Агаларым, эжелерим баары ырдайт, комуз чертет. Ошолорду ээрчип мен да музыка дүйнөсүнө келип калдым. 1966-67-жылдары айылда бир гана биздин үйдө телевизор болор эле. Тууган-уруктан тарта айыл тургундарына чейин отургучтарын көтөрө келип, телевизор көрүп кетишчү. Ошол 1967-жылдары Рыспай Абдыкадыровдун «Алмашым», «Ой бото көз», «Окууну бүтүп кеткен кыз» деген ырларды аткарып телеге чыгып калчу. Ошону көрүп, таасирленип чоңойгондо ушундай ырчы болсом деп, аккордеонду билбесем да колумду коюп алып, башымды Рыспай Абдыкадыровдой кылып кыймылдатып туурап ырдаар элем. Анан мектепке бардым. Мектепте окуп жүрүп, 4-5-класста өздүк көркөм чыгармачылык борборунда ийримдеги окуучуларга аккордеон үйрөтө баштадым. Ал кезде аккордеон ойногон эч ким жок, «ким аккордеон ойнойт, Абдыкерим ойнойт» болуп айылда «жылдыз» болгом (күлүп). Ошентип, 8-класска барганда белгилүү комузчу Болуш Мадазимов мени байкап калып, айылдагы маданият үйүнө чакырды. Залкарлар катышчу чоң концерттерде Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев, Замирбек Үсөнбаевдер концерт коюп келгенде алар менен ырдаган ырчыларга аккордеон тартып турчумун.
«Аскерде да ырчы болдум»
-Мектепти аяктаган соң 1979-81-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөдүм. Армияда да ырчы болдум. Орустардын «Жеңиш күнү» ырын эки жыл солист болуп ырдап жүрдүм. Аскерден келип, 1981-жылы Оштогу музыкалык педагогикалык окуу жайга тапшырдым. 1985-жылы окууну аяктап, кайра өзүмдүн айылыма барып иштеп калдым. Айылдык маданият үйүндө көркөм жетекчи, директор болуп эмгектендим. Андан кийин союз таркап, ал жердин айлыгы менен жашаганга болбой калды. Ар жакка бардык, урундук, согулдук дегендей. Анан 2000-жылы Ош технологиялык университетинин маданий-эстетикалык борборун жетектеп иштедим. Кийин Ош мамлекеттик юридикалык академиясында эмгектендим. Шартка байланыштуу кайра айылга кетип, кайра келип баштапкы иштериме иштөөгө туура келди. 2003-жылдан бери Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда эмгектенип келем.
«Мен кыргызмын» ырымдын обону бир мүнөттө жаралган»
-Бир ыр жаралуу үчүн сөзсүз ага бир нерсе себеп же таасир этиши керек деп эсептейм. Биринчи кезекте ырдын тексти мыкты жазылышы керек. Элге белгилүү болуп калган «Мен кыргызмын» аттуу ырым тууралуу айта кетпесем болбос. Бул ыр өзү мурдатан эле менин көкүрөгүмдө, сезимимде даярдалып жүргөн. Ош технологиялык университетине жумушка орношуп калдым. 2003-жылы 23-сентябрда кыргыз тил майрамын белгилеп калдык. Университеттин алдына трибуналар коюлуп, микрофондор орнотулган. Төрт-беш мугалим чыгып, орусча сөз сүйлөдү. Качан кыргызча сүйлөйт экен деп мен отурам. Кийинки бир профессору чыгып ал деле орусча сүйлөйт. Менин кыжырым келе баштады. Анан төртүнчү чыккан Кубанычбек Бакиев деген орус филологиясын жетектеген декан агай чыгып сөз сүйлөдү. Ошол гана «Башка күнү орусча сүйлөсөк да, бүгүн кыргыз тили күнү экен, кыргызча сүйлөп койсок болот эле» деди. Мага каймактай жакты. Дагы эмне деп сүйлөйт экен десем, кийин мен обон жазган «Мен кыргызмын» деген ырды окуй баштады. «Мен кыргызмын, урпагымын эр Манастын, дүйнөгө атым чыккан» деп 10 куплеттей окуду. Ошол күндүн эртеси агайга жолугуп, ырды сурап алдым. Ырды алып барып пианиного отурганда эле ыргактары келип, жарык күндө олтурабыз, төбөмдө Кудай турат, обон бир мүнөттө жаралды. Себеби, баягы теледеги чет элдик ырлар, кыргыз тили майрамында орусча сүйлөп майрамдаганыбыз баары таасир эткен экен. Ырды бир сыйра ырдап эле, агайга чуркап бардым. Ага да ырдап бердим. Ал да туруп калды, аябай жакшы чыгыптыр деди. Анан агайдын уруксаты менен тексттин кээ бир жерлерин өзүмө ыңгайлаштырып оңдоюн десем макул болду. Нотасын жазып ыр даяр болгондон кийин эми ким ырдайт деген суроо жаралды. Карап көрсөм үнү жакшы даярдалган вокалист ырдабаса болбойт эле. Агай менен келишип, аранжировкасын Камбар деген жигит жасап, «Мырзалар» тобуна бердим. Алгачкы жолу калың элге ошол кездеги президент А. Акаев келгенде ырдалып чыккан. Кайсы жылы, кайсы даталуу күнгө карата ырдалганы так эсимде калбады. Акаев келгенде ырдалганын билем. «Мырзалар» тобунан сырткары Манас Кожомжаров да аткарып жүрөт. 2014-жылы борбордо концерт коюп, «Мырзалар» тобун алып бардым. Төрт адамды алып жүргөнгө караганда бир адамды алып жүрүү жеңил да. Өткөн жылы Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда 2 күн өзүмдүн 55 жылдык мааракеме карата концерт бердим.
«Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун»
-Өзүм кээде ырдап калам. Рыспайдын окуучусу катары үч жолу гран-прини жеңген адаммын. Өйдө-ылдыйды көп көрдүм. Кыргыздардын мафиясы деп коет. Рыспайдын ырларына болгон кароо-сынактарда тууганчылыкка тартылып, чындык жок экенин башыман көп өткөргөмүн. Ушуга чейин Бишкектен баш байге ала элекмин. Ырыскелди Осмонкулов аткарып жүргөн «Рыспайдын арманы» деген ырга обон жараткам. Негизи бул ырды Рыспай Абдыкадыровдун 60 жылдыгына арнап чыгарган элем. Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун дейт эмеспи. 15 жыл ырдап эч ким уккан жок менин ырымды. Эми Ырыскелди ырдап жүрөт. Мен өзүм ырдаган ыр элге жете албады. Ырыскелди ырдап элге жеткирди деп ойлойм.
«Баш-аягы 30 га чамалуу обон жараттым»
-Ош шаарында өткөн даталуу күндөрдө «Мырзалар» тобу «Салам Кыргызстан», «Мен кыргызмын», «Бул менин Кыргызстаным», «Ош шаарым», «Ош шаарым жердин бейиши», «Нооруз» аттуу ырларымды чоң иш чараларда аткарып жүрүшөт. Баш-аягы мен жараткан обондордун жалпы саны 30 га чамалуу. «Мен кыргызмын» ырынын автору Кубанычбек Бакиевдин Бакиевдерге эч кандай тиешеси жок. Ушул ырдын тексти Бакиев деп жазылгандыгы үчүн кээ бир жерлерден бербейбиз деп да айтышкан. Мен эч кандай тиешеси жок деп канча айтып жүрдүм. Бул жөн гана дал келүүчүлүк. Адамдар ушундай кошоматчы болот экенбиз.