Шрифт
“Элдин саясаттан алыстыгы жакты”
Play

“Элдин саясаттан алыстыгы жакты”

Данияр Жаныкулов кызматтык жолун Талас облустук мамлекеттик админстрациясында жетектɵɵчʏ адис кызматынан баштап, Коомдук телерадио корпорациясынын Ала-Тоо маалымат бɵлʏмʏндɵ жооптуу редактор, ЭлТР коомдук телерадио корпорациясында башкы продюсерлик милдеттерди аркалап келген. Андан сырткары Маданият министрлигинде иштеп, кийин “Жерʏй” алтын кенинде коомчулук менен байланыш боюнча менеджер болуп иштеген:

-Ошко келгенден бери тааныштар, достор телефон чалып, “кɵнʏп калдыңбы?” деп кɵп сурашат. Аларга “кɵнʏп да, кɵндʏрʏп да жатам” деп коем. Анткени баарына эле кɵнɵ берсек, баягы эски ыкма менен кете берет экенбиз. Ошондуктан, жаңыланууну, ɵзгɵрʏʏнʏ киргизели деген аракеттерди кɵрʏʏдɵбʏз. Тʏштʏк жергесинен ɵзгɵчɵ Ош облусу касиеттʏʏ, берекелʏʏ жана бир топ мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ бар аймак. Алсак, туризм, айыл чарба, экономика жана социалдык маселелер багытында бир далай иштерди жасаса болот. Облустун ага мʏмкʏнчʏлʏгʏ дагы, эли-жеринин шарты дагы туура келет. Элден айланса болот, ɵтɵ эмгекчил, мээнеткеч, ɵзʏн-ɵзʏ багып, ɵз оокаты менен алек. Мага элдин саясаттан алыстыгы абдан жакты. Саясаттын “оорулары” менен калктын калың катмары ооруй элек. Албетте, саясаттын вирустары кирип калган айрым жерлер да бар. Бирок, жалпы жонунан айтканда ар ким кʏнʏмдʏк ɵз тиричилиги менен, саясаттан алыс. Келгенде дароо эле ушуну байкадым.

“Кайсы жерге барба кемчиликтер, кайдыгерлик. ”

-Президенттин 30 жылдан берки коррупциялык схемалардын баарын жоюп, системаны тазалоо тапшырмасына ылайык, ыйгарым укуктуу ɵкʏлдʏн демилгеси менен райондордо ар бир тармактар боюнча текшерʏʏ жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Айрыкча социалдык тармак, кɵп коррупциялык элементтердин бардыгы аталган тармакта болууда. Кайсы жерге барба ката, кемчиликтер, жеп-ичмей, коррупциялык элементтер жана жетекчилердин кайдыгерлиги. Адамдык фактордон улам жасалбай жаткан маселелер кɵп. Айрым жетекчилердин мамлекет ʏчʏн кызмат кылайын деген демилгеси жок. Баары “сен мага тийбе, мен сага тийбейм”. Эмнеге мындай десең, “бизде ушундай болчу, ушинтет элек” дешет. Ар бирине мындан ары андай болборун, жаңыланарын эскертʏʏдɵбʏз. “Ооба, президенттин бийлигин колдоп, мамлекетке кызмат кылабыз, жаңыланууга кадам таштайбыз” деген жетекчилерди чогуу иштешʏʏгɵ чакыруудабыз. Ал эми замандын агымы менен тең жарышып, ыргагына кɵнɵ албайбыз дегендерге элдин жʏгʏн, жоопкерчилигин моюнуна ала тургандарга кызматын ɵткɵрʏп берʏʏсʏн айтып, эскерттик. Башкача айтканда, коррупционерлердин кекиртегине тыгылган сɵɵк болуудабыз. “Ыйгарым укуктуу ɵкʏл, орун басарлары келип эле текшерип жатат. Булар коммунизмди куруп жиберишет беле. Мамлекет ушуларга гана керек бекен?” деген сɵздɵр кɵп. Айрымдары уялып койбой, артыбыздан туура эмес текшерип койду деген доо менен арызын кɵтɵрʏп келгендери бар. Биз бир дагы жетекчиге жаңы велосипед ойлоп тапкыла же асмандагы кʏндʏ алып келгиле деген жерибиз жок. Жеке кызыкчылык ʏчʏн жетекчини текшерип, кызмат ордун алуу жɵнʏндɵ маселе кɵтɵргɵн жокпуз. Же текшерʏʏ менен баарын ʏркʏтʏп-коркутуп чɵнтɵгʏбʏзгɵ акча алалы деген саясат кылбадык. Биздин текшерʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏп жаткандагы максатыбыз – мыйзам талаасына кайтып келʏʏ. Мурдагыдай жеке кызыкчылыктар ʏчʏн чуркоодон кетип, мамлекет ʏчʏн кызмат кыла турчу мезгилибиз келди. Себеби Кыргызстаныбыз бирɵɵ эле. Аны башка бирɵɵ оңдоп же жакшы мамлекетин ɵлкɵ кылып алгыла деп бербейт. Кыргызстандын ийгилиги, кемчилиги, жетишкен, жетишпеген бʏт баарысы биздин моюнубузга жʏктɵлгɵн жоопкерчилик, милдет. Муну аткаруу тапшырмасын коюп, президентибиз бизди жɵнɵттʏ. Демек, жоопкерчиликти алгандан кийин анын ɵтɵɵсʏнɵ чыгышыбыз керек.

“Коррупцияга малынган жетекчилер ордун дароо эле ɵткɵрʏп бере койбойт”

-Элдин аң сезимине сиңип калган “таанышың болсо танкасың” деген тʏшʏнʏктʏ таптакыр жок кылышыбыз керек. Албетте, бул бир-эки кʏндʏк нерсе эмес. Мен кɵбʏнчɵ ишкана-мекемелердин жɵнɵкɵй кызматкерлери менен телефон номерлерди алмашып, жакындан байланыш тʏзгɵнгɵ аракет кылуудамын. Туура эмес кадамдар, мыйзам бузуу болгон учурларды кызматкерлер жеткиришʏʏдɵ. Коррупцияга малынган жетекчилер ордун дароо эле ɵткɵрʏп бере койбойт. Ортого тааныштарын салып, телефон чалдыртып, суранып жаткандары кɵп. Ыйгарым укуктуу ɵкʏлдʏн ɵзʏнɵ да кайрылып, “Кой деп коюңуз. Менин тууганым эле” дегендер бар. Бирок, ыйгарым укуктуу ɵкʏлдʏн саясаты - дос, тааныштын жолу ɵзʏнчɵ, кызматтын жолу ɵзʏнчɵ деген принципте. Тилекке каршы, кээ бир райондорду бɵлʏштʏрʏп, “эч ким кирип текшере албайт, тигинин тууганы, жээни” деген тʏшʏнʏктɵр бар. Ар бир жетекчиге эскертʏʏ – биз бардыгына киребиз, бʏт жерге жетебиз. Буюрса, бийликтин укуругу бʏт жерге жетет. Кайсы жетекчи, ким болбосун кетирген кемчилигине мыйзам чегинде чаралар кɵрʏлɵт. Эч ким жазасыз калбайт. Кыргызстанда бир гана “домкрат”, “крыша” бар ал – президент. Башка тʏшʏнʏк болбошу керек.

“Биздин максат облустун ишин оңдоо”

-Мамлекеттик саясатты мыйзам чегинде жʏргʏзʏʏнʏн ʏстʏндɵ гана иш алып баруудабыз, ɵзʏбʏздʏ жарнамалоо, кɵрсɵтʏʏ сыяктуу аракеттер жок. Биздин максат облустун ишин оңдоо. Жашыруун эле, эч кимге эч нерсе кɵрсɵтпɵй, комиссияны ээрчитип, барарыбызды билдирип коюп, алардын сыйын кɵрʏп тамагын жеп, 5-10 сомун чɵнтɵгʏбʏзгɵ салып алып, текшере берсек болмок. Бирок, андай кылбайбыз. Барган жерибизге айтпай барып, ошону элге ачыкка чыгаруубуздун ɵзʏ мамлекеттик системаны оңдоого аракетибиздин бардыгынын белгиси, далили десек болот. Тармактын ичиндеги кемчиликтерди элге ачыктай албасак, анда тармак ɵнʏкпɵйт. Бʏгʏн мындай кадамдарыбыз элге жагып, жакшы пикирлерин айтышууда. Демек, оңолушубуз керек.

Жумагʏл Кочкорбай кызы

Билип алуу ашыктык кылбайт

Эгерде сиз эрте менен сергек жана оңой ойгонууну кааласаңыз, 1-2 жума жатар алдындагы тамактануудан баш тартууңузга туура келет. Натыйжада сиз тʏн ичи жагымдуу тʏштɵрдʏ кɵрʏʏ менен бирге эртең менен сергек гана болбостон уйкуңуз канып, жаңы кʏч, жаңы дем менен ойгонгонуңузду байкайсыз. Алдыңкы 1-2 жумада тамагыңыздан 2 кошумчаны, атап айтсак, туз жана мурч татымдарынан баш тартыңыз. Бул кошумчалардан баш тартуудан сиз мурдагыга караганда 2-3 эсе бат тоюп, териңиз калыбына келип жана ашыкча салмактан бат арылууга мʏмкʏнчʏлʏк ала аласыз. Албетте, бул кеңеш айрыкча ашыкча салмагы барларга сунушталат. Лимонад жана газдалган суусундуктарды ичʏʏдɵн баш тартыңыз. Ошондо сиз колдонуп жана ичип жаткан табийгый суу кандай даамдуу экенин байкайсыз. Аны менен бирге эле суусунуңуз бат эле канып калгандыгын да байкайсыз.

Эс тутумуңуздун жана ой жʏгʏртʏʏңʏздʏн жакшы болушун кааласаңыз

Тулку боюңузду тʏз кармоону, тʏз басууну жана тʏз олтурууну адатка айландырыңыз. Уктаардан 2 саат мурун сыналгы жана компьютерди, телефонду ɵчʏргɵндʏ адатка айландырган болсоңуз, жыйынтыгында сиз ɵз чыгармачылыгыңыздын ɵрчʏгɵнʏн жана келечекке болгон кыял-максаттарыңыздын кеңейгенин байкай аласыз. Сизге жакпаган адам эске тʏшкɵн сайын ал кишиге оюңуздагы эң баалуу белекти тапшырып жатканыңызды жана анын кубанып жатканын элестетиңиз. “Белек берʏʏ – сʏйʏʏнʏ арттырат” демекчи, жашоодо да мындай кадамдарды жасап баштасаңыз, мамилеңиз келишпеген кандай адам болсо да, жакшы тил табыша аларыңыз бышык.

Саламаттыкты сактоо министрлиги эскерткендей, “тамеки тартуу сиздин ден соолугуңузга зыян” экенин билип туруп андан баш тарта албай жаткан болсоңуз, анда тамекиге болгон каалооңузду алма, мандарин, апельсин, банан жана башка ɵзʏңʏзгɵ жаккан мɵмɵ-жемиштер менен алмаштырыңыз. Бир чɵйчɵк суу да жакшы натыйжасын берерин унутпаңыз. Айтылган кеңешти жашооңузда жакшы адатка айландыра алсаңыз, анда изилдɵɵчʏлɵрдʏн маалыматына таянып айтсак, эки жумада кубатыңызга кубат кошулуп, ɵзʏңʏздʏ кайраттуу сезе баштайсыз.

Газдалган суу бɵйрɵктɵгʏ ташты пайда кылат

Адамдын денесинин тɵрттɵн ʏч бɵлʏгʏн суу тʏзʏп тургандыгынан саламаттыгыбыз андан кɵз каранды экендиги шексиз. Биз суунун чоң бɵлʏгʏн чай, кофе, жемиш ширеси, лимонад ж.б. суюктуктар тʏрʏндɵ кабыл алабыз. Акыркы убактарда курамында газ жана шекер кошулган суусундуктарга суроо-талап ɵсʏʏдɵ. Суунун негизги бɵлʏгʏ бɵйрɵк аркылуу тышка чыгары баарыбызга белгилʏʏ. Ошондуктан бɵйрɵктɵ таштын пайда болушу суунун курамына жана сапатына байланыштуу. Америкалык неврология ( American society ot Nephlology ) журналы бɵйрɵктɵ таштын пайда болуусу ичип жаткан суудан кɵз каранды экендигин жарыялаган. Изилдɵɵ 8 жылга созулуп, 194000 катышуучуга тажрыйба жʏргʏзʏлгɵн. Мунун натыйжасында бир кʏндɵ шекердʏʏ газдалган сууну бир же бир нече жолу ичкен адамдын бɵйрɵгʏндɵ таштын пайда болуусу 23 % ишке ашкандыгы байкалган. Иликтɵɵнʏн жыйынтыгы газдалган суунун кɵлɵмʏн кескин тʏрдɵ азайтуу керектигин кɵрсɵтʏп турат.

Кɵп ɵлчɵмдɵгʏ туз кан басымды жогорулатып, дене шишигин пайда кылат

Бʏткʏл дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча бир кʏндɵ адам баласы 5 граммдан (1 чай кашык) ашык тузду кабыл албашы керек. Ал эми Американын кардиологиялык коому туздун кɵлɵмʏн 4 граммга азайтууну сунуштаган. Жашы улгайган адамдар арасында сурамжылоонун натыйжасы 75 %ы аш тузун (натрий хлорид) кɵрсɵтʏлгɵн ɵлчɵмдɵн эки эсе ашык колдонгондугу маалым болгон. Адамдагы ашыкча ɵлчɵмдɵгʏ туз организмде суюктуктун кармалып турушуна себеп болот. Бул кубулуштун механизми космостук басымдын жогорулашы менен байланышкан. Химиктердин айтышы боюнча туз ɵзʏнɵ сууну тартып тургандыктан, организмдин ткандарында (организмде белгилʏʏ бир милдетти аткарууга ийкемделген клеткалар тʏркʏмʏ) суу топтолуп, шишик пайда болот. Анын негизинде кан тамырлардын басымы жогорулайт. Тузду ашыкча колдонуу жʏрɵк жана бɵйрɵк ооруларынын кɵбɵйʏшʏнɵ себеп болууда. Тактап айтканда, жʏрɵк алсыздыгы жана гипертония оорулары менен жабыркайт. Муну менен катар артериялдык басымдын деңгээлин кɵтɵрʏп, шишикти пайда кылууда. Ошондуктан азыктанып жаткан тамак-аштардагы туздун ɵлчɵмʏнɵ кɵңʏл буруу зарыл. Айрыкча тез татымалдарда натрий хлориди кɵп ɵлчɵмдɵ болот.

Чылым чегʏʏдɵн баш тартып, жʏрɵгʏңдʏ чыңда

Баарыбызга маалым болгондой, чылым чегʏʏдɵн баш тартуу ден соолукту жакшыртат. Атап айтканда, жʏрɵк кан тамыр ооруларынын кооптуулугун азайтат. Бирок, кээ бир булактарда чылымдан баш тарткан адамдын салмагы кɵбɵйʏп, натыйжада кан тамыр оорулары менен жабыркап калат деген маалыматтар кездешет. Бул факт кайсыл бир чылымкорлорду актап туруучу чакырыкка себеп болуп калууда. Американын окумуштуулары 1984-2011-жылдар аралыгында 3200 адамга изилдɵɵ жʏргʏзʏшкɵн. Жʏргʏзʏлгɵн изилдɵɵдɵн чылым чегʏʏдɵн баш тарткан адамдын салмагы кɵбɵйгɵнʏ менен жʏрɵк кан тамыр оорусунун кооптуулугу болжол менен эки эсе азайгандыгы байкалган. Аталган изилдɵɵ америкалык медицина ассоциациясы журналына басылып чыккан. Ошону менен бирге чылымдан баш тарткан адамда жʏрɵк кан тамыр оорусу салмактын ашып кетʏʏсʏнɵн улам пайда болот деген маалыматтын туура эместигин далилдеп кеткен.

Сыдык Токонов

Мода 2021-2022. Кʏз-кыш айлары ʏчʏн

“Ар бирибиздин стилибиз бар – болгону аны табуу керек.” Ал эми мода – бул ар бир тренддин артынан кубалоо эмес, ɵзʏңʏзгɵ жарашыктуу кийимдерди тандоо. Айрым дизайнерлер “адамдын кийген кийими анын мʏнɵзʏн айтып турат” дешет. Канткен кʏндɵ да замандын талабына жараша тренд болуп жаткан кийимдерден кабардар болуп коюу артыкчылык кылбайт. Ал эми убакыттын ɵтʏшʏ менен кийимдердеги окшоштуктун кайталанышы да мода дʏйнɵсʏндɵгʏ ɵзгɵчɵлʏктɵрдʏн бири. Моданын ушул сыяктуу айрым тʏшʏнʏктɵрʏ менен катар быйылкы жана келерки жылы мода боло турчу кийимдер жɵнʏндɵ стилист-имиджмейкер Тахмина Данияр кызы маалыматтар менен бɵлʏштʏ.

Тренд деген эмне?

-Ушул жылдын кʏз-кыш мезгилдеринде кайсы кийимдер тренд болорун айтардан мурда “тренд” деген сɵздʏн маанисине токтоло кетейин. Тренддер- кыска мɵɵнɵттʏʏ жана узак мɵɵнɵттʏʏ болуп экиге бɵлʏнɵт. Кыска мɵɵнɵттʏʏ тренд деп бир эле сезондо элдин арасында тез жайылып, кɵп кийилген кийимдерди айтабыз. Ал эми узак мɵɵнɵттʏʏ трендге 7 жылдан 10 жылга чейин актуалдуулугун жоготпогон кийимдер кирет. Ал эми актуалдуу крой кийимдин тигилиши. Тигилиши мыкты кийимдер да узакка чейин актуалдуулугун жоготушпайт.

- 70-80- жылдары клёш шымдар аябай мода болгон. Азыркы клёш шымдардан айырмаланып, мурунку шымдардын материалы бир аз жукараак келип, этек жагы ɵтɵ жайылган абалда болгон. Азыркы клёштордун этеги болсо ɵтɵ жайык эмес, материалы да бир аз калың, ɵзʏн кармап турат. Дагы бир мисал, 7-10 жыл мурда 2012-жылдары чыпташкан шымдар трендге айланган. Азыр деле ошол кайталанууда, бирок ошол учурдагыдай чыпташкан эмес, бир аз кең абалда чыгарылып жатат. Демек, мурда мода болгон кийимдер жалпысынан кайталанышы мʏмкʏн, бирок ошол бойдон эмес, бир аз ɵзгɵрʏʏсʏ менен кайталанат.

Антитренд же болбосо мода эмес. Ɵзʏбʏздɵн эле мисал келтирейин 1-2 жыл мурда “тедди” шубалар аябай мода болду. Азыр эми анчалык тренд эмес, антитренд деп деле айталбайбыз, анткени кийилип жатат. Бирок, антитрендке чыгып калды. “Модадан калды” деп эле кийбей коюу туура эмес, эгерде кийимдин тигилиши жакшы болсо аны кие берген оң.

Кʏз-кыш модалары. Дизайнерлер жылына эки жолу кɵргɵзмɵ ɵткɵрʏшɵт. Жаз-жай жана кʏз-кыш мезгилдери ʏчʏн. Ушул кышта сызыктары бар(полоска) кийимдер жана платформа бут кийимдер, челси, тапаны чоң ɵтʏктɵрдʏн мода болуусу кʏтʏлʏʏдɵ. Азыркы учурдан баштап 2022-жылы кɵк тʏстʏʏ кийимдерге басым жасалат. Мындан сырткары токулган(трикотажный) узун кɵйнɵктɵр аябай мода. Кыска юбка, кɵйнɵктɵр да актуалдуу болмокчу. Бирок, бизде аларды кɵп алып келишпейт. Анан кышкы панамаларды да кɵптɵгɵн дизайнерлер ɵзʏнʏн кɵргɵзмɵлɵрʏндɵ кɵрсɵтʏштʏ, демек, бул кышта панама сатып алсаңыз жаңылбайсыз. Ошондой эле айымдарга сунушум , быйылкы кыш ʏчʏн ачык тʏстɵгʏ пальтолорду тандай бериңиздер. Кара, кʏңʏрт тʏстɵгʏ пальтолорду модадан чыкты дебейм, бирок ушул жылдары ачык тʏстʏʏлɵргɵ басым жасалат.

Аксессуарлар. Аял затын назик жана кɵрктʏʏ кылып кɵрсɵтʏʏдɵ аксессуарлар да чоң мааниге ээ. Сумкадан баштап баш кийим, моюн орогучтар, колготки, ободок, сɵйкɵ-шакектер, кол сааттарды тандоодо беттин тʏзʏлʏшʏнɵ маани берʏʏ зарыл. Мисалы, бетинин тʏзʏлʏшʏ чоң айымдар болсо, кичене сɵйкɵлɵрдʏ такпаган оң. Анткени ал бетти ого бетер чоң кɵрсɵтɵт. Ошондуктан чоңураак сɵйкɵлɵрдʏ тандаган туура. Ал эми кичинекей беттерди чоңураак кылып кɵрсɵтʏʏдɵ кичине сɵйкɵлɵрдʏ сунуштайбыз. Беттин тʏзʏлʏшʏ узун болсо, аны андан да узун кылып кɵрсɵтʏп албоо ʏчʏн узун сɵйкɵ же узун цепочка тагууга болбойт. Квадрат тʏзʏлʏшʏндɵгʏ беттер, тагыраагы, жаактары даана билинип турган айымдарга тегерек формадагы же узунураак келген сɵйкɵлɵр жарашат. Демек, сырттагы адамдарга визуалдуу тʏрдɵ беттин кɵлɵмʏн ушундайча ɵзгɵртʏп кɵрсɵтɵ алабыз. Мындан сырткары, идеалдуу бет тʏзʏлʏштɵрʏ да болот(овальное лицо). Аларга сɵйкɵнʏн бардык тʏрʏ жараша берет.

Ал эми кол саатар менен шакектерди тандоодо дене тʏзʏлʏшкɵ маани берилет. Мисалы, 160 сантиметрге чейинкилер кичине кɵлɵмдʏʏ адамдар болуп саналат. Алар чоң кɵлɵмдɵгʏ саат же шакектерди тагып алса, ого бетер кичине кɵрʏнʏп калуусу мʏмкʏн. Ошон ʏчʏн ар бир аксессуарды дене тʏзʏлʏшкɵ, кɵлɵмгɵ карап тандоону стилисттер кеңеш берет.

Кʏнʏмдʏк турмушта эң кɵп колдонулган буюм сумка. Аны да туура тандоо керек. Тандоонун эң оңой ыкмасы, кийимдин тʏсʏнɵ айкалыштыруу. Негизгиси ак сумка болбошу керек, аны бардык эле кийимге айкалыштыра албайбыз. Эң актуалдуулары классикалык кара, бозгуч жана кʏрɵң тʏстʏʏ сумкалар болуп саналат. Бою кыска айымдар чоң моделдеги сумканы же рюкзакты тандабашы керек. Узун бойлуулар каалаган сумканы тандай алышат, ал тургай эң кɵлɵмдʏʏсʏ да алардын стилин оригиналдуу кылып кɵрсɵтɵт. Бирок, ɵтɵ кɵлɵмдʏʏ сумкаларга басым жасабай эле койгон оң. Ал аялдагы назиктикти жоготуп, жарашыксыз кɵрʏнʏшʏ мʏмкʏн.

Баш кийимди туура тандоо. Кыш мезгилинин келиши менен айымдарыбыздын негизги кɵйгɵйлɵрʏнʏн бири баш кийим тандоо. Эгер аны тандоого эринип же кийʏʏнʏ каалабай, кышты баш кийимсиз ɵткɵрɵм дегендер, баш-мээ менен байланышкан оорунун тʏрлɵрʏнɵ кабылып калуусу мʏмкʏн экендигин эске алуусу зарыл. Анда гардеробуңуздагы кийимдерге карап баш кийим тандасаңыз болот. Ошондой эле бетиңиздин тʏзʏлʏшʏ тегерек болсо, чоң помпону менен бийик шапкалар, токулган моделдер же “бини” шапкалары жарашыктуу болот. Бет сʏйрʏ болсо “бини” шапкаларын эмес, береттерди сунуштайбыз. Квадрат тʏзʏлʏшʏндɵгʏ беттерге формасы жумшагыраак тʏзʏлʏштɵгʏ баш кийимдер сунушталат. ʏч бурчтуу беттерге маңдайы кайрылган шапкалар болбойт, ал бешенени дагы да чоң кɵрсɵтɵт. Ал эми идеалдуу тʏзʏлʏштɵгʏ беттер баш кийимдин бардык тʏрʏн кие алышат.

Айжылдыз Тойчиева

Жаңы кодекс: Социалдык тɵлɵмдɵр кыскарат

Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынуунун алдында турат. Колдонуудагы Салык кодексинде салык тɵлɵмдɵрʏнʏн жалпы 8 тʏрʏ болсо, сунушталып жаткан жаңы редакциясында салыктардын 7 тʏрʏ гана эсептешʏʏгɵ милдеттендирилген.Бул салыкка байланышкан негизги документтин ʏчʏнчʏ ирет толукталып, ɵзгɵртʏлʏшʏ. Ɵзгɵртʏʏдɵгʏ башкы максат салык тɵлɵмдɵрʏн татаалдаштырбастан, кайра жеңилдетʏʏ багыттарын кɵздɵɵрʏн аталган тармактын адистери белгилешʏʏдɵ.

Сунушталып жаткан Салык кодексинин негизги инновациялары

Жаңы кодекстеги ɵзгɵрʏʏлɵр тууралуу Ош шаары боюнча салык башкармалыгынын тʏшʏндʏрʏʏ жана окуу секторунун башчысы Асылбек Абдраев тɵмɵнкʏ негизги жагдайларга токтолду.

• Биринчиден, Салык кодексине форс-мажордук жагдайларды кошпогондо, жылына бир жолудан ашык эмес жаңы ɵзгɵртʏʏлɵр киргизилиши мʏмкʏн. Экинчиден, салык салууда эки негизги ыкма болот: жалпы режим жана бирдиктʏʏ салыкка негизделген жɵнɵкɵйлɵштʏрʏлгɵн салык салуу системасы. Бирдиктʏʏ режим дегенди мурунтан эле колдонуп келгенбиз. Мында салыктын белгилʏʏ бир ставкасы коюлат да, ага ылайык салык тɵлɵɵчʏ ай сайын тапкан кирешесинин белгиленген пайызын гана салыкка тɵгɵт.

• Мамлекеттик салык кызматы ʏчʏн экономика жана финансы министрлигинин жазуу жʏзʏндɵгʏ тʏшʏндʏрмɵлɵрʏ милдеттʏʏ болуп калат. Демек, аталган эки министрликтин жазуу тʏрʏндɵ бизге берген тʏшʏндʏрмɵлɵрʏ аткарылууга милдеттендирилет.

• Чакан гана эмес, жʏгʏртʏʏсʏ 30 миллион сомго чейинки орто бизнес да бирдиктʏʏ салыктын негизинде жɵнɵкɵйлɵштʏрʏлгɵн режимди колдонот. Мурун жʏгʏртʏʏсʏ 8 миллион сомго жеткенде кошумча нарк салыгын да тɵлɵɵгɵ милдеттендирилчʏ. Азыр аларга 30 млн. сомго чейин кошумча нарк салыгы киргизилбейт. Бир эле мисал айта кетейин, жыгач саткан ишкерлер жʏгʏртʏʏсʏ 8 млн. сомдон ашпоосу ʏчʏн башка туугандарына патент ачышып, КНС тɵлɵɵдɵн качышчу. Мында чакан жана орто бизнес ээлерине жакшы шарт тʏзʏлдʏ десек болот.

• Кэшбек долбоорун киргизʏʏ. Кэшбек – акчаны кайтарып алуу деп эсептелет. ККМ-онлайн системасын кɵпчʏлʏк колдонбой, кардарлар алган товарынын чегин талап кылбагандыктан, мотивациялык программа ишке кирʏʏдɵ. Сиз канчалык кɵп чек чогултсаңыз белгилʏʏ болуп жаткан UDS программасы аркылуу ɵзʏңʏзгɵ жеңилдетʏʏ алсаңыз болот. Буюрса, бул бардык жерде ишке кирет. Алгач пилоттук долбоор болуп Бишкек жана Ош шаарларында ишке ашышы мʏмкʏн.

• Алыстан (дистанттык) салык кɵзɵмɵлʏ. Дистанттык кɵзɵмɵл жʏргʏзʏʏ мурун деле бар болчу. Бирок, жаңы кодекске ылайык, мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏбʏз дагы кɵбɵйдʏ. Биз дистанттык тʏрдɵ жер-жерлердеги ишкерлердин ККМ-онлайн системасын кандай деңгээлде колдонуп жаткандыгын базабыз аркылуу текшерип алууга шартыбыз бар. Аралыктан кɵзɵмɵлдɵɵ дагы да кʏчɵтʏлɵт.

• Карыздын негизги суммасын жана туумдун калган бɵлʏгʏн тɵлɵгɵндɵн кийин салык тɵлɵɵчʏгɵ 50% туумдарды жана туумдарды эсептен чыгаруу. Мисалы, салык тɵлɵɵчʏ ɵткɵн жылкы салыгын тɵлɵбɵй калса, анын туумдары да ɵсʏп негизги суммага жетет да ишкерге кыйынчылык жаратат. Мындай жагдайда салык тɵлɵɵчʏгɵ жеңилдик болуусу ʏчʏн негизги сумманы тɵлɵгɵндɵргɵ, туумдун 50 пайызы кыскартылууда.

• Экспорттоочу ишканалар ʏчʏн КНСти кайтарып берʏʏнʏн жɵнɵкɵйлɵштʏрʏлгɵн механизми ачылат. Экспорттоочу ишканалар бизде кɵбʏнчɵ салыктан бошотулган. А бирок, биздин товарды алган тарап, кошумча нарк салыгын тɵлɵп анан сатуусун талап кылуусу мʏмкʏн. Себеби Кыргызстандын кошумча нарк салыгынын ставкасы жакынкы ɵлкɵлɵргɵ салыштырмалуу эң тɵмɵн. Ошондуктан, ишкерлер КНСти тɵлɵп сатышчу. Жаңы кодекске ылайык, тɵлɵгɵн КНСти кайра кайтарып алууга мʏмкʏнчʏлʏктɵр кɵбɵйдʏ.

• Юридикалык жактарды каттоо функцияларын Юстиция министрлигинен Мамлекеттик салык кызматына ɵткɵрʏп берʏʏ. Белгилʏʏ болгондой, юридикалык жактарды каттоо аталган министрликке тиешелʏʏ болсо, эми салык кызматына жʏктɵлдʏ.

• Ислам каржылоо принциптерине ылайык салык салуу. Мында ислам принциптери менен иштеген жактарга жɵнɵкɵйлɵштʏрʏлгɵн салыктын тʏрʏ киргизилет.

• Интернет-компаниялар ʏчʏн КНС тɵлɵɵ режимин киргизʏʏ - Google боюнча салык. Интернет компаниялар аркылуу акча тапкандардын кирешеси жылына 8 миллиондон ашса кошумча нарк салыгын тɵлɵɵ милдеттендирилет жана кɵрсɵтʏлгɵн суммага жетпеген учурда да салык тɵлɵɵ механизмдери киргизилет.

• Тигʏʏ, зергерчилик, авиация ɵнɵр жайынын субъекттерине жеңилдиктер, ошондой эле электр автобустарын ɵндʏрʏʏ жана жеткирʏʏ долбоорлору ʏчʏн КНСтен бошотуу. Буга чейин деле тигʏʏ, зергерчилик менен иштегендерге жеңилдиктер берилип келген, демек, мындан ары да бул уланат.

• Ата мекендик ɵндʏрʏшчʏлɵр ʏчʏн сатуудан алынуучу салыкты 2%дан 1%га чейин тɵмɵндɵтʏлɵт.

• Милдеттʏʏ патенттик жана салыктык контракттын негизинде салык режимин жоюу (адилет салык жʏгʏ принциби). Милдеттʏʏ патентте бʏгʏнкʏгɵ дейре стоматологиялар, сауналар, билярд клуб сыяктуу катмарлар турчу. Эми милдеттʏʏ патент жоюлуп, биз башында айткан салыктын бирдиктʏʏ же башка тʏрʏнɵ кирет. Ал эми салыктык контрактка ʏй куруучулар жана элди тейлɵɵчʏ, тамактануучу жайлар кирип, келишимдин негизинде салык тɵлɵп келсе, аларда эми башка салыктык режимге ɵтʏʏгɵ мажбур.

• Накталай эмес тɵлɵмдɵр ʏчʏн сатууга болгон салыктын ставкасы боюнча ченемдин колдонуудагы редакциясында 0% ɵлчɵмʏндɵ сакталышы. Бул категория кɵмʏскɵ экономиканы ачыктоо, жʏгʏртʏʏдɵгʏ каражатты аныктоого шарт тʏзɵт. Эгерде ишкер накталай эмес тɵлɵмдɵргɵ ɵтсɵ, анда сатууга болгон салык 0%да сакталат.

• Уюлдук операторлор жана интернет-провайдерлер ʏчʏн сатуу салыгынын ставкасы 5% бойдон калат.

• Бала бакчалар жана башка мектепке чейинки мекемелер ʏчʏн жеңилдиктер ошол эле деңгээлде сакталат.

• Жогорку технологиялар паркынын резиденттери ʏчʏн киреше салыгынын 5% ставкасы сакталып турат.

• Соттун чечими болгондо гана карызы бар салык тɵлɵɵчʏнʏн чыгып кетʏʏсʏнɵ чектɵɵ киргизилет.

• Салык кызматынын тергɵɵ эмес, тергɵɵ функциялары гана болот. Эгерде салык тɵлɵɵчʏ салыгын тɵлɵбɵсɵ, кызматкер кандай чараларды кɵрʏʏсʏ керектиги боюнча айтылууда. Азырынча айтылган демилге эле бар, так, даана кɵрсɵтʏлʏп, бекитилген жобо жок.

• Таксилер ʏчʏн салыктын 2% ставкасы боюнча норма алынып салынды.

• Накталай эмес тɵлɵмдɵр ʏчʏн бирдиктʏʏ салыктын ставкалары тɵмɵндɵйт.

• Банк жабдууларын (Банкомат) импорттоодо КНСтен бошотуу мɵɵнɵтʏ узартылды. Мурда ɵлкɵ ичинде банкоматтардын саны кɵбɵйʏʏсʏ ʏчʏн банкттардын кайрылууларынын негизинде КНСтен бошотулган болчу. Ошол чечимдин мɵɵнɵтʏ узартылат.

• КНСтин кошумча нарк салыгы тескери механизми анын ордун жабууну эске алуу менен ɵркʏндɵтʏлдʏ. Мисалы, кошумча нарк салыгын тɵлɵгɵн компанияларда кийин кайра ошол каражатын кайтарып алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Мындагы жасалма жолдор менен кайтарып алууга бɵгɵт коюу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ ɵнʏктʏрʏлɵт.

Учурда Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин иштелип чыккан редакциясы кийинки ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизʏʏ ʏчʏн министрлер кабинетине жɵнɵтʏлдʏ. Андан соң ал Жогорку Кеңештин кароосуна коюлуп, анда депутаттар гана тʏзɵтʏʏлɵрдʏ киргизе алат.

Белгилей кетсек, Салык кодексинин жаңы редакциясы эгер кабыл алынса, 2022-жылдан тартып кʏчʏнɵ кирет. Азыркы Салык кодекси 2010-11-жылдан бери колдонулуп келʏʏдɵ. Бул аралыкта ага 130дан ашык ɵзгɵртʏʏлɵр киргизилген.

Ошондой эле жаңы кодекстеги каралган чоң ɵзгɵрʏʏлɵрдʏн бири – социалдык тɵлɵмдɵр кыскарат. Кыскартуу жумушчулардын санына жараша болот. Тагыраак айтканда, 15 адамдан ашкандан кийин тɵлɵмдɵр 14.25 % болот. Анын 4%ын жумуш берʏʏчʏ, ал эми 10%ын жумушчу ɵзʏ тɵлɵйт. Азыркы учурда ишкер субъекттери тɵлɵгɵн салык 38%га чейин барат. Жыйналган салыктын 3% Салык кызматына калат, демек, канчалык кɵп салык чогултса, кызматкерлердин маянасы ошого жараша берилет.

Жумагʏл Кочкорбай кызы

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Бʏшарипа ʏкʏева: “Бир макала жазбай туруп илимий даража алуу - пастык”

Илимпоз жɵнʏндɵ

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Бʏшарипа ʏкʏева 1949-жылы 20-сентябрда Ɵзгɵн районунун Кош-Этер кыштагында жарык дʏйнɵгɵ келген. 1964-жылы Ɵзгɵн районунун Ж.Бɵкɵнбаев атындагы 8 жылдык мектебинде окуп, Оштогу кыргыз кыздар жатак орто мектебинен мектепти бʏтʏргɵн. Андан аркы билимин Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик университетинен улантып, аны 1972-жылы ийгиликтʏʏ аяктаган. Эмгек жолун 1972-1981- жылдары Базар-Коргон, Ленин райондорунда кыргыз тили жана адабияты предметинен мугалим болуп иштɵɵ менен баштаган. Билимин ɵркʏндɵтʏʏ максатында 1981-1983-жылдары ОшПИнин кыргыз адабияты кафедрасына лаборанттык кызмат орунга кирип, 1983-1987-окуу жылында КМУнун кыргыз адабияты кафедрасынын аспиранты болуп окуган. Аны 1987-жылы мартта ийгиликтʏʏ бʏтʏрʏп, 1988-жылы ОшМУнун кыргыз адабияты кафедрасында окутуучу болуп эмгектене баштаган. 1994 – жылдан Кыргызстан журналисттер союзунун мʏчɵсʏ, 1994-жылдын 26-мартынан улук окутуучу, 1995-жылдан баштап филология илимдеринин кандидаты, 1998-2001-жылдары кыргыз филологиясы факультетиндеги декандын илимий иштер боюнча орун басары болуп иштеген. 2001-жылдан 2009-жылга чейин Кыргыз-Ɵзбек университетиндеги кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген. 2014-жылы педагогика илимдеринин доктору, ОшМунун профессору наамына татыган.

150гɵ жакын илимий эмгектердин автору, анын ичинен ЖОЖдор ʏчʏн 4 окуу программанын, мектептер ʏчʏн 4 окуу китебинин, 16дан ашык окуу усулдук колдонмолордун, ЖОЖдор ʏчʏн 6 окуу куралынын, 2 монографиянын автору. Эл агартуунун мыктысы. Улуттук жазуучулар союзунун мʏчɵсʏ, педагогика илимдеринин доктору, профессор. Эл аралык Ч.Айтматов академиясынын академиги, Россиянын Табигый илимдер академиясынын мʏчɵ корреспонденти. Учурда ОшМУнун педагогика факультетинде окутуучу болуп эмгектенет.

“Бизди залкар мугалимдер окуткан”

-ʏйдʏн кенже кызы элем. 3-4-класста болсом керек кышында, анан орозо мезгилинде ата-энем “Манас” эпосунун томдугун окутушат эле. Ошондон улам болсо керек 10-классты бʏткʏчɵ эле бир топ китеп окудум. Адабиятка аябай кызыкчумун. Фрунзеде бир эле университет бар эле. Ошонун филология факультетине тапшырганмын. Ал мезгилде окууга ɵтʏш да кыйын болчу. 1967-68-жылдары 1 орунга 10 бала талапкер болгонбуз. Ошентип филологияда окуп калдым. Жакшы окудум. Жакшы бʏттʏм. Университетте калтырышты эле бирок, ʏй-бʏлɵлʏʏ болгонума байланыштуу мектепке келгенмин. Мектепте иштеп жʏргɵндɵ да мектеп, тил, адабият жɵнʏндɵ макалаларды жазып жʏрдʏм. Аспирантурага балдарым кичинекей болгон ʏчʏн чакырган убакта барып окуй албадым. 1984-жылы 4 баламды таштап коюп аспирантурага тапшырдым. Ал убакта сырттан окуу деген жок. Аспирантураны бʏтʏрдʏм, балдар чоңойду. Андан 5-6 жылдан кийин кыргыз адабияты боюнча кандидаттыгымды жактадым.

“Кайталангыс балалыгым. ”

-Балалыгым кайталангыс балалык болду. Ата-энем пенсияга чыккандан кийин жылкы багышкан. Анда мен 4-класста болчумун. Ат ʏстʏндɵ болдум. Жылкы жанымдай эле болчу. Азыр дагы аябай жакшы кɵрɵм. Атама жакын ɵстʏм. Кенжеси болгон ʏчʏн атам каякка барса мени да алып барчу. Улак чапканды ʏйрɵткɵн. Кыз куумайга тʏшɵт элек. Улак чапканда атам атайын кɵбʏргɵн деп коёт, пияздын жапайысы, ошондон аябай кɵп байлап берип жерге таштап, эңдирип ʏйрɵтɵт эле. Шамдагай элем, жерден тыйын эңдирчʏ. Кооз жерде чоңойдум.

“Бизди окуткан агайдын рухуна ыраазымын”

-5-класстан Маматысак Боркошев деген агай класс жетекчи болду. Кыргыз тилчи болчу. Сабакты дагы, тарбияны дагы эриш-аркак алып кеткен ɵтɵ билгич, кесипкɵй адам эле. 8-классты 19 окуучу бʏттʏк. 19 окуучунун тең каллиграфиясы окшош эле. Тилчи болгон ʏчʏн баарыбызды окшош, тамганы элементи менен жаздырып ʏйрɵткɵн экен. Эшиктен кирип келатканда бутубуздан башыбызга чейин маани берчʏ. Адабиятчы катары дагы жакшы тарбиялаптыр ойлосом. Каникулга кɵркɵм чыгармаларды тапшырма кылып берип, кайра келгенде “кандай тарбия алдың, эмне ʏйрɵндʏң?” деп сурап алчу. Азыр кɵркɵм чыгарманы окуучуларга эмес, студенттерге окута албайсың. Ошол ʏчʏн руханий дʏйнɵ жарды. Жаштарда тарбия начар. Мунун баарын кɵркɵм адабият толуктайт эле да. Классыбыз аябай ынтымак элек. Жайкы иштер башталганда баары 19 кʏндɵ эле бʏтчʏ. Анткени, эркек бала, кыз бала дебей 19 окуучу бири-бирибиздикине барып чɵптʏ да, жʏгɵрʏнʏ да бʏтʏрчʏбʏз. Кʏндɵ бир ʏйдʏн чɵбʏн бʏтʏрʏп атып, 19 кʏндɵ эле жыйып-терип койчубуз. Азыр баарыбыз агайдын рухуна ыраазы болобуз. Айылга барганда куран окуп, эскерип турабыз.

“2 бала менен бир дагы сабак калтырган эмеспиз”

-Жолдошум менен бирге окучубуз. 1-курста эле ала качып кетти. 2-курсту бʏтʏп атканда экинчи балам боюмда бар эле. Айтсаң эч ким ишенбейт 2 бала менен экɵɵбʏз бир дагы сабак калтырчу эмеспиз. Мен бала карап калсам, жолдошум барып лекция жазып келет. Ал келгенден кийин мен барып практикалык сабакка катышып келет элем. Бизди залкар мугалимдер окуткан. Ыр жазчумун. Мага устат дагы, илимий жетекчи дагы Качкынбай Артыкбаев болду. Кыргыз тилинин, СССРдин кыргыз адабиятын жазган адабиятчыларынын баары бизди окуткан.

“Билим берʏʏ да, билим алуу да начар”

-Азыр билим начар. Бизди жогорку окуу жайына ишке алганда 1 жыл сыноо мɵɵнɵтʏ менен алып, сабагыңа катышып, билимиңди текшерет эле. Атайын талаптардан ɵтсɵң ɵттʏң, ɵтпɵсɵң кете берген заман болгон. Азыр эптеп бʏткɵндɵр дагы жогорку окуу жайында мугалим болуп жатат. Анан студенттерден эмнени талап кыласың. Билим албаганыбыздан, тарбия кɵрбɵгɵнʏбʏздɵн, ички жан дʏйнɵбʏздʏн начарлыгынан коом терс кɵрʏнʏштɵргɵ толуп атпайбы. Эгер жан дʏйнɵң таза болсо, билимиң, тажрыйбаң, тарбияң болсо, жаман-жакшыны ажыратып билесиң да. Кудайдан коркуп бирɵɵгɵ жамандык кыла албайсың. Кантип 500 сомго, 2000 сомго сатылат элең. ʏй-бʏлɵдɵ ата-эне дагы кʏнɵɵлʏʏ. Баары бири-бирине байланыштуу. Билимиңди баалап, ошого жараша мамиле кылганды билишпейт азыр. Ушундан бир нерсе алып калайын дебейт. Бар, бирок аз да. Эгерде сен ошол адамды баалай албасаң, ал сенин деңгээлиң. Азыр билим берʏʏ да начар, билим алуу маданияты да начар.

“Экзаменге чейин эле салам беришет. ”

-Биз университетте окуп жʏргɵндɵ азыркы студенттерге окшоп мугалимди тʏртʏп кетмек турсун алдынан кыя ɵтɵ алчу эмеспиз. Азыр студенттер сен сабак берип, сенден экзамен алганга чейин гана салам айтат. Андан кийин тʏртʏп кетет. Биз агайларыбыз кабинетте отурса, кирип бир нерсе сураштан уялып, бирибиз ɵтʏп баратып эшикти акырын тʏртʏп кыңкайтып коюп, экинчибиз келип карап, такылдатып анан сурачубуз да.

“Улуулардын алдынан ɵтпɵгʏлɵ дешчʏ”

-Бизге апам “ɵзʏңɵрдɵн улуулардан мурда сʏйлɵбɵгʏлɵ, улуулардын алдынан ɵтʏп баспагыла” деп айтат эле. Студенттерге кɵп айтам. Мен 5-класста кышында каникул мезгили болсо керек эле бакан менен дарыядан суу алып келатсам, ʏйдʏн жанында атам 2-3 абышка менен сʏйлɵшʏп туруптур. Келатып кɵрʏп калдым. Апамдын улуулардын алдынан ɵтпɵгʏн деген сɵзʏ эсимде да. Ошолор качан кетет экен деп далдоодо тура бердим. Алардын да сɵзʏ бʏтпɵй койду. Анан бир маалда апам издеп чыккан экен. Мени чакырып кыйкырып калды эле кишилерди жаңсай кɵрсɵтсɵм, атам сезип калды окшойт, анан нары басып кетишти. Азыр болсо тебелеп кетип атпайбы жаштар.

“Кʏйɵɵңдʏн чɵнтɵгʏнɵ кол салба десе. ”

-8-класска чейин эле айылда окуп, апамдын тарбиясын ошого чейин эле алып калдым. Андан кийин Оштогу кыздар мектебинде окуп, ошол бойдон окууга тапшырып кеттим. Апам “эч качан кʏйɵɵңдʏн чɵнтɵгʏнɵ кол салбагын. ʏйʏңɵрдɵ ырыскы, береке болбой калат. Кайын ата, кайын энеңе ɵйдɵ карап сʏйлɵбɵ” дейт эле. Турмушка чыкканда чɵнтɵгʏнɵ кол салба десе, чɵнтɵктɵрʏн оодарбай эле кийимдерин жууй берчʏ экенмин. Акчаларын жууп алып, кɵрсɵтпɵй кургатып коёт элем. Ал убакта акча дагы башкача болчу. Жуусаң ɵңʏнɵ чыгып калчу да. Жаш болгонмунбу, бир кʏнʏ аскердик билетин кошуп жууп коюптурмун. Анын жазуулары жайылып кетиптир, ɵчпɵптʏр. Ошондон кийин кир жууганда чɵнтɵктɵрʏн карап жуучу болгонмун. Биздин тарбиябыз ушундай болгон.

“Эл сени илимпоз катары сыйлаш ʏчʏн. ”

-Азыркы кыргыз илими жɵнʏндɵ айтылып эле жатат. Кɵрʏп деле жʏрɵбʏз. Ɵзʏ бир макала жазбай туруп илимий даража алып жаткандар бар да. Бул – пастык. Эл сени илимпоз катары сыйлабайт. Абийир, намыс деген нерсе бар. Элдин арасындагы деңгээлин ойлош керек. Илим чɵйрɵсʏндɵ чыныгы илимпоздор менен тең келип сʏйлɵшɵ аламбы деген ой болуш керек. Мени кел министр бол десе эле барып министр болуп албайм да. Ар кимдин ɵзʏнʏн потенциалы болот. Ошого жараша иш тутат. Ал эми менин аспиранттарымдын арасынан жан талашып иштеп жаткандары бар. Бардык нерсе адамдын каалоосу менен аракетине жараша болот. Башында мен айткан талапка жооп бере алсаң кел, болбосо келбе деп айтам.

Бʏкалча Маматали кызы

ШАХМАТ – башкаруучулардын оюну

Маектешʏʏгɵ болжогон убакыттан эртерээк барып алгандыктан, шахмат ойноп жаткан балдарды карап отурууга туура келди. Балдардын ичинен кɵпкɵ тактайчага тигилип, анан бир фигураны “так” эттире катуу койгон, башкаларчылап сʏйлɵй бербеген эң кенже окуучу ɵзгɵчɵ кɵңʏлʏмдʏ бурду. Каарманыбыз Даниял менен маектешʏʏдɵн соң мектеп жашына чейин шахматты ʏйрɵнʏп жаткан ошол балдарга суктанып кайттым.

Шахмат академиясынын негиздɵɵчʏсʏ Даниял Абдивалиев:

“Эң алгач шахматты атам жасап берген”

-Бала кезимде шахмат ʏйрɵткɵн атайын мектептер жок эле. Атам бир фигураларды бычак менен жыгачтан жасап калчу. Ошону кɵрʏп эле 6 жашымда кызыгып калдым. Кɵрсɵ бул шахмат экен. ʏйрɵтʏп койду. Бат эле бир, бир жарым айда чоң кишилерди ута баштадым. Арада ойнобой да калдым. 7-8-класста Ноокатта М. Гапаров атындагы жɵндɵмдʏʏ балдардын жатак гимназиясында окуп жʏрʏп, бирɵɵлɵрдʏн ойногонун кɵрʏп калдым. Мени ушундай татаал тапшырмаларга чечим чыгарган нерсе тартат экен да. Ойноп аткандарга жолдорду айтып койсом, айтпа деп капа болуп калышчу. Ошентип кайра кызыгуум ойгонду. Дос балам экɵɵбʏз 9-класста активдʏʏ ойноп, 10-класстан турнирлерге катышып калдык. 110 мектептин арасынан 1-орунду алып жʏрдʏк. Алгебрадан республикалык олимпиадага, эркин кʏрɵш боюнча областка чыкканмын. Мектепти алтын медаль менен аяктадым.

“Кыргыз шахмат тарыхында эң жаш калыс болдум”

-Университетке барганда университеттин командасына кошулдум. Тʏрк лицейинин башталгыч классына кружок ɵткɵнгɵ жетишкендиктери бар студенттер керек деп ошол жакта машыктыруучу катары иштеп, шахмат чɵйрɵсʏнɵ кɵбʏрɵɵк аралашып калдым. Универсиадаларга катышып, башында коло, кʏмʏш, 2017-жылы алтын медалга жетиштим. Университетти бʏтɵр жылдары шахмат федерациясына уюштуруучу катары кирип калдым. Ал жерде бир жарым жылдын тегерегинде эл аралык категориядагы калыс деңгээлине жетип, Грузияга барып 41 катышуучунун ичинен 1-орунда, эң жакшы баа менен англис тилинде экзамен тапшырып келдим. Кыргызстандын шахмат тарыхында эл аралык деңгээлдеги эң жаш калыс болдум. Жакында 16-26-октябрь аралыгында Грециянын Лодос аралында ɵткɵн шахмат оюну боюнча дʏйнɵнʏн коло медалынын ээсимин. 1700гɵ чейинки рейтинг категориясында катышып, 51 мамлекеттен келген 71 катышуучунун ичинен 3-орунду алдым. Буга чейин 2017-жылы Кыргызстандын студенттери арасында чемпион болгонмун. Эл аралык Ата-Тʏрк Ала-Тоо университетин инженер-робототехник адистиги боюнча аяктаганмын. Кесибим боюнча да Бишкекте иштедим. Кыргызстандын чемпионаттарында башкы калыс болуп, Азияга, дʏйнɵлʏк мелдешке тандоо турларын уюштуруп жʏрʏп Бишкекке академия же мектеп ачып коёюн деп ойлоп атканмын. Себеби, менде жетишээрлик тажрыйба топтолду. Кайсыл жактарга балдарды катыштырса, кантип ɵстʏрсɵ болорун билип калдым. Ага чейин эле лицейдин балдарын чемпионаттарга катыштырып, 180 катышуучунун арасынан ɵлкɵ боюнча 3-4-орунга чейин чыкканбыз. Ошондон ишеним пайда болду. Байкасам тʏштʏк жергесинен катышуучулар дээрлик жок. Анан ата-энелерден сунуш тʏшʏп калды. Башында мектеп эле ачалы деп атканбыз. Бирок, бʏт жумушумду таштап бул ишти баштасам, убактыбызды актай тургандай кылып академия ачалы деп чечтик.

“Биринчи академиябыз деп ишенимдʏʏ айта алам”

-2019-жылы Индияга Дʏйнɵлʏк чемпионатка Кыргызстандын командасын алып барганда шахматтын методикасын сатып алдым. Шахматтын мекени Индия да. Аларда методика мыкты. Россиядан да методика сатып алып, бул жактан салыштырып, керектʏʏ жерлерин алып, автордук методика кылып иштеп чыктым. Балдарды ошону менен окутабыз. Бир жарым жылдын тегерегинде 3 коло медаль алдык. Экɵɵнʏ Кыргызстандын чемпиондугунан, бирин эл аралык турнирден алдык. Негизи Кыргызстандын чемпиондугунда жыйынтык кɵргɵзʏш ʏчʏн кеминде 2 жыл машыгыш керек. Бирок, биз аябай кɵп иштедик. Эртерээк кɵтɵрʏлʏп, жыйынтык бергибиз келди. Индивидуалдуу сабактарды алып жатышты. Сентябрь айында Жалал-Абадда турнир ɵттʏ. Кыргызстандын тʏштʏк аймагы басымдуулук кылды. 10 кубок коюлду эле, 5 кубокту биз алдык. 4 кʏмʏш, 3 коло медаль алып келдик. Бул жагынан биринчи академиябыз деп ишенимдʏʏ айта алабыз. Азыр Ош шаарында эки филиалыбыз бар. ʏчʏнчʏсʏн дагы ачып атабыз. Жеке мектептер менен да иштешʏʏдɵбʏз. Шахматка кызыккандар дагы кɵбɵйɵ баштады.

“Шахмат – чечкиндʏʏлʏккɵ ʏйрɵтɵт”

-Шахмат эсептеп, анализдей билʏʏ, алдын ала кɵрɵ билʏʏнʏ ʏйрɵткɵн башкаруучулардын оюну. Адамдын интеллектин ɵстʏрʏп, логикалык-аналитикалык жɵндɵмдɵрʏн жакшыртып, эске тутуусун бекемдей турган оюн. Шахмат ойногондо убакытты туура пайдаланып, бир оюнду, анан сенин колуңдагы бʏт мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ, фигураларды колдонуп, каршылашыңдын каролун колго тʏшʏрʏш керек. Ошол максатка жетиш ʏчʏн адам колундагы бʏт мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ пайдаланышты ʏйрɵнɵт. Муну жашоого салыштырсак, биздин убакыт, финансыбыз, билимибиз, ʏй-бʏлɵбʏз, досторубуз сыяктуу да. Алардын баарын туура бир багытка багыттай алсак, биз ийгиликке жетишебиз да. Демек, шахмат жашоону чагылдырат экен. 5-6 фигура бар. Ар бири ар башкача касиетке, кʏчкɵ ээ, ар башкача жɵндɵмдɵ. Ар биринин мʏнɵзʏн тʏшʏнʏп, ошолорду туура багыттап, жеңишке жетесиң. Шахмат ойногондо ошого ʏйрɵнɵбʏз. Чечкиндʏʏлʏккɵ ʏйрɵтɵт. Себеби, ар бир жʏрʏштɵрдɵ “кайсыны жʏрсɵм?” деген суроо менен ичиңде аябай тʏйшɵлɵсʏң. Мында адамдын чечим чыгаруу жɵндɵмдʏʏлʏгʏ ɵрчʏйт.

“Ката кетиребиз, анан кийинки сыноого же мʏмкʏнчʏлʏккɵ даярданабыз”

-Ɵз алдынчалуулук, ɵзʏнɵ болгон ишеним пайда болот. Эң маанилʏʏсʏ адам ɵзʏн ɵзʏ ɵстʏргɵнгɵ кызыгып калат. Себеби, жашоодо адамдар ар кандай травма алат. Мисалы, бир ката кетирип, же болбосо ушуга окшогон турмуштун соккуларында травма алып, кɵбʏ ɵзʏн таштап, карьерасын бʏтʏрʏп коюшат да. Шахмат ойногондо бир партия утулуп калсаң, ичиңдеги ɵзʏңɵ болгон ишенимге карата сокку болот дагы кантип мен утулуп калдым деген тʏйшɵлʏʏ болот. Ошол эле учурда кийинки партияга даярданасың. Бир каталык кетирсең себептерин аныктайсың, анан кийинки партияга жаңы кʏч менен чыгасың. Мындай караганда жашоодо дагы ошондой да. Биз ката кетиребиз. Биз ушул партия менен эле бʏттʏ деп таштап салбай, кийинки партияга ɵтɵбʏз. Кийинки сыноолорго, же кийинки бир жакшы мʏмкʏнчʏлʏктɵргɵ кайра эле дем-кʏч алып, каталарыңдын себептерин аныктап, ɵзʏңдʏ даярдайсың. Шахмат аркылуу кемчиликтериңдин ʏстʏнɵн иштегенге ʏйрɵнɵсʏң. Кемчиликтердин ʏстʏнɵн иштеп отуруп адам ар тараптуу ийгиликтʏʏ адамдын портретин тʏзɵ баштайт.

“Жеңилгенди билгенге тарбиялайт”

-Окуучуларыбыздын ата-энелери бизге аябай ыраазы болуп, жакшы пикирлерди айтышат. Себеби, шахматты ʏйрɵнгɵн бала каршылашты сыйлаганды ʏйрɵнɵт. Жеңилдиңби, демек кандайдыр бир деңгээлде сен ɵзʏң ката кетирдиң. Каршылашың ошол катаны кетирбей сенден бир баскыч жогору экенин кɵрсɵтɵ алды. Ошентип жеңилгенди кабыл алганды ʏйрɵнɵт. Калп эле чычалап, чыр салбай “рахмат, сабак алдым” дей алат. Мектептеги сабактарын жакшы окуп баштайт. Себеби, шахмат ойногондо баланын мээсинин эки бɵлʏгʏ тең бир учурда иштейт дагы эске тутуусу, концентрациясы жакшырат. Фигураларды жылдырбай туруп бʏт жолдорду эсептейт. Мээсинин бʏт функциялары жакшы иштей баштагандыктан сɵзсʏз тʏрдɵ мектепте мугалим ʏйрɵткɵн предметти мээси оңой кабыл алып, оңой ɵздɵштʏрʏп, жакшы тʏшʏнʏп баштайт экен.

“Кɵп балалуулардын бир баласын, майыптыгы барларды акысыз окутуп беребиз”

-Бизде азыр 100дɵн ашуун окуучу бар. 5 жаштан баштап кабыл алабыз. Эгер жɵндɵмдʏʏ болсо 4 жаштагы балдарды дагы алабыз. Болгону аларды жекече окутабыз. Бизде тайпалык жана жеке сабактар бар. Тайпалык сабактар дагы экиге бɵлʏнɵт: башталгычтар ʏчʏн жана алдыдагы балдар ʏчʏн. 6 кʏн бою иштейбиз. Эрте мененки саат 9:00дɵн кечки саат 7ге чейин график менен келишет. Жумасына 3 жолу 1 жарым сааттан окутулат. Жалаң шахматты гана окутабыз. Ошого жараша профессионалдык деңгээлде ʏйрɵтɵбʏз. Ошол шахмат аркылуу адамга керектʏʏ сапаттарды ʏйрɵнʏшɵт. Шахматтан жеңип баштаган баланы ар тараптуу жетилген мɵмɵ катары кɵрсɵк болот. Жɵн эле жʏргɵндʏ ʏйрɵнгɵн бала мат койгонду ʏйрɵнʏп, утканды ʏйрɵнɵ албайт. Окуучу болжолдуу 4 айда мат койгонду, шахмат ойногонду орто деңгээлде ʏйрɵнʏп калат. Эгер чемпионаттарга катышам десе анда, ошого жараша уланта берет. Баланын эмгеги, талантына жараша болот. Учурда шаарда филиалдарды ачып, андан кийин башка облустарга да чыгалы деп атабыз. Ишкерлерди да жумуштан кийинкиге график коюп окутабыз. 5 жаштан 70 жашка чейинки бардык каалоочулар келсе болот. Академияны биринчи ачканда кɵп балалуу ʏй-бʏлɵнʏн бир баласын, ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдарды акысыз окутуп берели деп ниет кылганбыз. Мен шахматты ʏйрɵндʏм, кɵп пайдасы тийди. Ошол пайданы башкалар дагы кɵрсʏн дейм.

Бʏкалча

Маматали кызы

Агрономия боюнча Африкага чейин барып сабак ɵткɵн Азиза Юлдашева

Тээ илгертен элибизде мал чарбачылыгы менен дыйканчылык калыптанган кесип десек болот. Калктын дээрлик 65%ы айыл жергесинде жашагандыктан, айыл чарбасынын ɵнʏгʏшʏнɵ, Кыргызстандын агрономиялык ɵлкɵ болушуна шарт тʏзгɵн. Ошондой эле айыл чарба ички дʏң продукциянын 38-40 %ын тʏзɵт. Демек, экономиканын ɵнʏгʏшʏндɵгʏ негизги тармак болгон айыл чарбасын жакшыртууда заманбап техникалардан баштап, квалификациялуу адистер, сапаттуу ʏрɵн, жер семирткичтер чоң мааниге ээ. Гезитибиздин кезектеги каарманы, бул тармакта кɵп жылдан бери эмгектенип, экономиканын ɵнʏгʏшʏнɵ салымын кошкон Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалынын ээси, “Жер азыгы” агробизнес ассоциациясынын директору Азиза Юлдашева тʏштʏк региону боюнча дыйкандарды колдоо жаатында жʏргʏзʏлʏп жаткан натыйжалуу иштери туралуу айтып бермекчи.

- Азиза эже, алгач ɵзʏңʏз жɵнʏндɵ айта кетсеңиз?

- Ɵзʏм Кадамжай районунун ʏч-Коргон айылында туулгамын. ʏч жашымда ʏй-бʏлɵбʏз менен Ошко келип, ошол бойдон Ошто жашап калдык. Бала бакчаны да, мектепти да, ал тургай университетти да ушул шаардан окуп-бʏттʏм. Кесибим боюнча мугалимин. Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктап, кɵп жыл мугалим болуп эмгектендим. 2001-жылы ЮСАИДдин кыргыз агробизнесин ɵнʏктʏрʏʏ проектинде башкы менеджер болуп иштей баштагам. Бул проекттин негизинде 2002-жылы “Жер азыгы” деп аталган Кыргызстандагы агробизнесмендердин ассоциациясы тʏзʏлгɵн. Ошентип, 2002-жылдын декабрынан баштап “Жер азыгында” директордун милдетин аткаруу кызматы жʏктɵлгɵн.

-Адистигиңиз мугалим болсо, агро тармагында азыркыдай деңгээлге жетʏʏңʏзгɵ эмне себеп болду?

-Агробизнеске кызыгуу пайда болгондон кийин бул боюнча кɵптɵгɵн окуулардан ɵттʏм. Мисалы, Албанияда бизнес ассоциацияны кантип тʏзʏʏ керек, башкаруучулукту кантип ʏйрɵнʏʏ, ассоциацияга мʏчɵ болгон ишкерлер ɵзʏн алып чыгуу жɵндɵмʏн ɵстʏрʏʏ жана аларга мотивация берʏʏнʏ ʏйрɵндʏм. Андан кийин Американын борбору Вашингтондо бизнес ассоциациядагы лоббирлɵɵ (лоббирования) жана организация мʏчɵлɵрʏнʏн укуктарын коргоо боюнча билим алып, ал эми Израилде “Машав” программасынын алкагында агробизнестеги маркетингди окудум.

-Ассоциациянын алгылыктуу иштери кайсылар?

-Айрыкча айыл чарбадагы дыйкандардын ɵндʏрʏмдʏʏлʏгʏн, алардын базардагы деңгээлин жогорулатуу. Ассоциациянын мʏчɵлɵрʏ фермерлерди айыл чарбасына керектʏʏ жер азыктары менен, ɵсʏмдʏктʏ коргоочу каражаттар, ʏрɵн, кʏнɵскананын жабдуулары менен, тамчылатып сугаруу менен камсыздоочу компания болуп эсептелет. 2004-жылдан бери жыл сайын Фергана ɵрɵɵнʏндɵгʏ “Агро-Экспо Жибек жолу” деп аталган эл аралык кɵргɵзмɵсʏ Ошто ɵткɵрʏлʏп келет. Буга он тɵрт мамлекеттен элʏʏдɵн ашуун компания, 4000дин тегерегинде фермерлер келип катышат. “Жер азыгы” Кыргызстандын тʏштʏгʏндɵгʏ фермерлер ʏчʏн 21 агро-дʏкɵндɵрʏн ачууга жетишти. Мындан сырткары региондордогу ишкер айымдарды колдоо максатында “Демилгелʏʏ айым” деп аталган конкурс жаңы бизнестерди ачууга карата старт алган. 2017-жылы апрелде “ WOMEN EXPO ” Жибек жолу аталышындагы биринчи эл аралык ишкер айымдардын кɵргɵзмɵсʏ ɵтʏп, ага Фергана ɵрɵɵнʏнɵн, Борбодук Азиядан 70 айым тɵмɵнкʏ бизнес секторлор боюнча катышкан: айыл чарба продукцияларын ɵндʏрʏʏ жана кайра иштетʏʏ, тигʏʏ ɵндʏрʏшʏ жана кол ɵнɵрчʏлʏк багытындагы товарларды ɵндʏрʏʏ, кызмат кɵрсɵтʏʏ жана башкалар.

- Аталган тармакта жараткан эң чоң ийгиликтерим деп кайсыларды эсептейсиз?

-2004-жылы экономика тармагында инвестицияларды тартуу боюнча иш алып барып жʏргɵндɵ, экономиканын ар кыл тармагындагы ишкерлер ʏчʏн тʏштʏктɵ жыйырмадан ашуун кɵргɵзмɵ-жарманкелерди уюштурдум жана бул эмгегим ʏчʏн Кыргыз Республикасынын Соода-сатык палатасы тарабынан алтын медаль менен сыйландым. 2007-жылы ɵкмɵттʏн астында тʏзʏлгɵн бизнес жана инвестицияны ɵнʏктʏрʏʏ боюнча кеңештин активдʏʏ мʏчɵсʏ болууга жетиштим. Инвестициялык совет ɵкмɵт менен жеке ишкерлердин ортосундагы конструктивдʏʏ диалог аянтчасы катары шарт тʏзʏп, агрардык секторду ɵнʏгʏшʏнɵ чоң салым кошкон. Мисалы, ɵкмɵт жер семирткичтерге болгон кошумча нарк салыгынын (НДС) ставкасын 20% дан 0%га тʏшʏргɵн. 2007-жылы биздин ассоциация Жогорку Кеңештин агрардык комитети менен ɵз ара кызматташтык тууралуу меморандумга кол койгон. Себеби, ассоциациянын нормативдик укуктук актыларына кирип жаткан ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ таануу жана бизнести туруктуу ɵстʏрʏʏ максатында. Мындан сырткары чет элдик инвестицияларды тартуу, жер базары жана жер ипотекасына тиешелʏʏ айыл чарбанын кɵптɵгɵн кɵйгɵйлɵрʏнʏн мыйзамдарын иштеп алып чыкканбыз. Финансылык институттар тарабынан фермерлерге ɵз жерин кʏрɵɵгɵ коюп кредиттерди алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ тʏзʏлгɵн. 2017-жылы Кыргыз-орус ɵнʏктʏрʏʏ фонду тарабынан бɵлʏнгɵн финансылык ресурстарды агрономия секторун колдоо ʏчʏн туура пайдалануу маселени кɵтɵрʏп, ɵкмɵткɵ сунуштадык. Жыйынтыгында 2018-жылы Кыргыз-орус ɵнʏктʏрʏʏ фонду агро тармагындагы ишкердикке 7%дык кредиттерди бере баштаган. Мындан сырткары “Жер азыгы” ассоциациясындагы эл аралык деңгээлдеги тажрыйбасы бар тренер катары Азербайжан, Тажикстан, Африканын Мали, Нигерия ɵлкɵлɵрʏндɵ бизнес ассоциацияларды ɵнʏктʏрʏʏ боюнча окууларды ɵтʏп келгем. Бул эмгегим ʏчʏн 2011-жылы Кыргыз Республикасынын ардак грамотасын алдым.

-Тажрыйбалуу ишкер айым катары ишкердикти аркалап жʏргɵн аялдарга кандай жардам бере алдыңыз?

-Ош шаары боюнча аялдар бизнес клубун тʏптɵдʏм. Мунун максаты тʏштʏк регионундагы ишкер аялдарды колдоо, аларды бир чɵйрɵгɵ чогулуп пикир алмашуусуна, билим деңгээлдерин жогорулатууга, бизнестеги кызматташтык байланыштарын бекемдɵɵгɵ шарт тʏзʏʏ. Учурда жыл сайын ийгиликтʏʏ айымдарыбыздын жолугушуусу ɵтʏп, алар бизнестеги башка жаш айымдарга бизнестин ар кыл тармактарын ɵнʏктʏрʏʏ боюнча тренингдерди ɵтʏшɵт. Бул саамалык 2015-жылдан бери уланып келʏʏдɵ.

- Аял катары ʏй-бʏлɵ менен жумушту бир убакта алып кетʏʏ кыйын болгон жокпу?

- Учурда ʏч баланын апасы, тогуз неберенин чоң энесимин. Балдарым бой жетип, ɵз алдынча ʏй-бʏлɵ кʏтʏшкɵн. Алар кичинекей мезгилде кʏйɵɵм мага каралашып, эң чоң колдоо кɵрсɵттʏ. Ошондой эле жолдошум балдарды ɵз алдынча болууга ʏйрɵткɵн. Биздин ʏй-бʏлɵдɵ “аял ʏйдɵ отуруп, бардык тʏйшʏктʏ мойнуна алыш керек” деген тʏшʏнʏк болгон жок. Тескерисинче, ʏйдɵгʏ милдеттер тең бɵлʏнʏп, тең аткарылчу.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎